Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:03

АКШда КУРГАК УЧУКТУН КОРКУНУЧТУУ ТҮРҮ МЕНЕН ООРУГАН ПАЦИЕНТ КАРАНТИНГЕ АЛЫНДЫ


Жаныл Жусубжан, Прага Учакка түшкөндөр адатта бороонго туш келип, же учактын мотору бузулуп калышынан чочулашат. Бирок, жанга билинбеген, көзгө көрүнбөгөн коркунучтар да кездешет. Жакында трансатлантикалык каттамда кургак учуктун эң бир коркунучтуу түрү менен ооруган америкалык башка жүргүнчүлөргө оорусун жуктурган болушу мүмкүн деген шектенүү менен карантинге алынды. Мындай карантин Кошмо Штаттарында 1963-жылдан бери биринчи жолу киргизилип отурат.

Дарылоо өтө татаал болгон туберкулездун же кургак учуктун өтө сейрек кездешүүчү түрүнө чалдыккан америкалык жаран АКШнын саламаттык кызматкерлери өзүнө Италияда жүргөндө жолугуп, учпоого кеңеш бергендигин бышыктады. Бирок ал үйлөнүү сапарынан баш тарткысы келбегендиктен, Европаны кыдырууну уланта берген.

Ал Атлантадан Парижге 12-майда "Еа Франс" менен келген экен. 12 күндөн кийин Чех аба жолдорунун каттамы менен Прагадан Монреалга учуп кетет. Канададагы бул шаардан Кошмо Штаттарына машина менен кайтат.

АКШнын Оорулууларды көзөмөлдөө жана алдын алуу Борборлорунун директору Доктор Жулиа Жербердингдин айтымында, америкалык жаран кургак учуктун Экс-Ды-Эр деп аталган өлүмгө алып келүүчү түрүн жуктуруп алган, ошондуктан саламаттык бийликтери башкаларды коргоо үчүн оорулуудан саякатын дароо токтотууну талап кылышкан:

Оорулууга башка адамдар менен аралашпай, башкаларга зыяны жок экендигин тийиштүү дарыгерлер бышыктаганга чейин, изоляцияда калуу шартын койгонбуз,-деп билдирди дарыгер Азаттыкка.

Борбордун кызматкерлери аталган эки каттамдын экипажын жана жүргүнчүлөрүн, айрыкча оорулуунун жанында отургандарды текшерүүдөн өтүүгө чакырышууда.

Оорулуунун аты-жөнү ачыкка чыгарылган жок. Ал өзү америкалык журнал менен маегинде эч кимге жамандык каалабаганын, бирок оорусуна байланыштуу көрүлүп жаткан аракеттерди "акылга сыйбаган" аша-чапкандык деп эсептээрин билдирди.

Кургак учуктун бул коркунучтуу түрүнө чалдыккандардын үчтөн бири гана аман калат. Бирок, алдын-ала изилдөө көрсөткөндөй, америкалык пациенттин жанында болгон кишилердин ооруп калыш мүмкүнчүлүгү төмөн. АКШнын саламаттык бийликтери оорулууну сот жообуна тартуу маселеси көтөрүлбөгөндүгүн айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG