Облустук ички иштер башкармалыгынын алдында өтүп жаткан мындай митингге бүгүн беш күн болот. Өткөн ишембиде премьер-министр Алмаз Атамбаев Таласка барган учурдагы баш-аламандыктан кийин милиция аны уюштурууга тиешеси бар делген 10 адамды камакка алган. Алар «массалык баш аламандыкты уюштуруу», «укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө жана мамлекеттик кызматкерлерге каршылык көрсөтүү» деген 3 берене боюнча айыпталууда. Алгач убактылуу кармалып тургандардын бешөөнү, кечээ кечке жуук дагы экөөнү бул айыптар менен камоого жергиликтүү прокуратура санкция берген.(SM)
7:00 Таласта алтын кендерин иштетүүгө каршы топтун өкүлдөрүн камактан бошотууну талап кылган митинг бүгүн да уланмакчы