Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:17

10:05 Көз карандысыз юристтер Таласка барышат


Тажрыйбалуу адвокат Сартбай Жайчыбеков менен “Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбордун юристти Диана Макенбаева бүгүн Таласка барышат. Алар өткөн ишембиде премьер-министр Алмаз Атамбаевдин Таластагы иш сапарында баш-аламандыкты уюштурууга тиешеси бар делип тартип коргоочулар тарабынан кармалган он адамга коюлуп жаткан айыптар жана күч органдарынын иш аракеттерин жеринде териштирип, юридикалык жыйынтыгын чыгарышат. Ушул эле күнү Ысыккөл облусундагы жарандык уюмдун өкүлдөрү баш болгон Жетиөгүз районунун аксакалдар тобу моралдык колдоо көрсөтүү жана укуктук жолун түшүндүрүп берүү максатында Таласка жол тартышат. (AJ)

XS
SM
MD
LG