Балыкчынын аймагында өткөн “Ысыккөл-Антитеррор-2007” командалык машыгуусу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жана алардын күч стуруктураларынын эл аралык тероррчулукка каршы күрөшүүгө жогорку деңгээлге жеткенин, кызматташтыкты чыңдоону айгинеледи. Бул тууралуу коопсуздук кызматынан маалымдашты. Эл аралык машыгууга Казакстан, Кыргызстан, Россиянын коопсуздук күчтөр бөлүктөрүнүн жоокерлери катышып, ШКУга мүчө мамлекеттердин күч структураларынын өкүлдөрү байкоо салып турушкан. Бул өңүттөгү машыгуу келерки жылы күзүндө Байкоңур космодромунда өтөт. (AJ)