Жолугушуу Кыргызстандагы Түркия элчиси Серпиль Алпмандын катышуусунда өттү. Ички иштер Министри Болотбек Ногойбаевге түрк бизнесмендери бир катар суроолорду узатышып, паспорттук-визалык режимди жөнөкөйлөтүү өтүнүчүн айтышты. Министр өз кезегинде чет элдик ишкерлерлердин өлкөдө иш алып баруусуна шарт түзүүгө, алардын коопсуздугун шарттап берүүгө тартип коргоо кызматкерлери болушунча кам урушаарын белгиледи. Кыргызстанда кырк алты миңге чукул чет элдик жарандар бар. Алардын алты миңи Түркия атуулдары. (ElenK)