Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

17:24 Кытай ишкерлери Жалалабат облусунда


ЖАЛАЛАБАТ.Кытай ишкерлерин Кыргызстандагы кытай элчилигинин соода экономикалык иштер боюнча кеңешчиси Лю Чуан У баштап келди. Алар жалалабаттык ишкерлердин кайсы багытта иш жүргүзөөрүнө кызыгышты. Губернатор Искендер Айдаралиев облустун социалдык-экономикалык абалы жана өзгөчөлүгү менен тааныштырды. Жергиликтүү ишкерлер айыл чарба, өнөр жай, эт, сүт, жүндү кайра иштетүү, үрөнчүлүк, көмүр казып алуу, туристтик тармактарга чет элдик инвестициялар тартыш болуп жаткандыгын белгилешип, кытай ишкерлерин чогуу иштешүүгө чакырышты. Облуста 200гө жакын кытай тургуну чийки мунайды кайра иштетүү жана соода-сатык тармагында иштешет. 2002-жылы кытай инвестициясына Жалалабат шаарында курулган жапайы алмадан шире кайнатуучу “Жандос” ишканасы чийки өнүмдүн жоктугунан былтыртан бери токтоп турат. Кытай ишкерлери 31-майда облустагы жүзүм менен жүндү кайра иштетүүчү жана көмүр казып алуучу ишканаларда болушту. (YA)

XS
SM
MD
LG