Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

7:00 Таласта алтын кендерин иштетүүгө каршы топтун өкүлдөрү камактан чыга элек


Кечээ премьер-министр Алмаз Атамбаевдин кепилдиги менен убактылуу абакта кармалып тургандар кечки саат сегизде боштуулары кабарланган. Бирок кечки саат сегиз жарымда облустук ички иштер башкармалыгын башчысы Айтбек Нуралиев чогулган элдин алдына чыгып камактагылар азырынча чыкпастыгын, тергөөгө тиешелүү кагаз иштери бүтпөй жатканын билдирди. Облустук милиция башчысы ошондой эле таш тийип талкаланган мамлекетке тиешелүү 5 автоунааны калыбына келтирүү зарылдыгын белгилеген. Өткөн ишембиде премьер-министр Алмаз Атамбаев Таласка барган учурдагы баш-аламандыктан кийин милиция аны уюштурууга тиешеси бар делген 10 адамды камакка алып, кийинчерээк алардын үчөө тил кат менен бошотулган.(SM)

XS
SM
MD
LG