Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

12:28 Байчечекей журналынын мааракесине арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды


“Байчечекей” журналынын отуз жылдык мааракеси бүгүн “Учкун” концернинде отуз жыл ичинде журнал бетине басылган айрым фотосүрөттөрдүн көргөзмөсү менен ачылды. Чыгып сүйлөгөндөр “Байчечекей” эне тилин окуп үйрөнүүдө, тарбия-таалим алууда балдарга пайдубал, булак болуп келатканын белгилешти. Журналдын мааракесине премьер-министр Алмазбек Атамбаев атайын куттуктоо баракчасын жана элүү миң сом акчалай белек жөнөткөн.Ошондой эле “Учкун” мамлекеттик концерндин генералдык директору Алмаз Абыкеев мааракелик жылда “Байчечекейдин” бир санын бекер чыгарып берүүгө сөз берди жана журналдын тиражын көбөйтүүнү да караштыраарын айтты. (FA)

XS
SM
MD
LG