Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Дүйшөмбү күнү УТРКнын концерттик залында “Булак аңгемелер топтому жана пьесалар топтомунун” бет ачар аземи өттү. Аталган жыйнакка Республикалык “Айтыш” коомунун алдындагы “Калемгер” адабий клубу жарыялаган сынакта тандалып алынган чыгармалар кирген. Кеченин жүрүшүндө жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Атай кетсек Жумабек Токтогазиев “Бүкүрдүн үйлөнүү үлпөтү” аңгемеси, “Сейилкан” аңгемеси менен Элмира Ажыканова, Анатай Өмүрканов “Ак мактым” пьесасы үчүн сыйланышты.

28-майдан тартып, 30-майга чейин Талас жергесинде кийиз фестивалы өттү. “Кой жүнүнөн тартып, боз үйгө чейин” деген аталыштагы бул иш-чарага облустун баардык район, айылдарынан келген чеберлер катышып, кол өнөрчүлүктөн жаралган буюмдарын коюшту. Тактап айтканда боз үй, анын жасалгалаган буюмдар, саймалар, жана белек-бечкек буюмдары көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.

Мамлекеттик Ала-Арча көрүстөнүндө белгилүү композитор жана дирижер, Социалисттик эмгектин баатыры Калый Молдобасановдун каза болгондугунун бир жылдыгына арналган эскерүү өттү. Коомчулуктун катышуусу менен өткөн иш-чара кечки саат алтыда Улуттук опера жана балет театрында Калый Молдобасанов атындагы аткаруучулардын жана музыканттардын биринчи фестивалынын жыйынтык концерти менен улантылды.

30-майда “Жизель” балети коюлуп анда башкы партияны Орусиянын эмгек сиңирген артисти, белгилүү бийчи Анастасия Волочкова аткарды. Ал эми анын шеригин Санкт Петербургдан келген Евгений Иванченко аттуу белгилүү бийчи бийледи. Балет сүйүүчүлөрү бир жарым миң сомдон үч миң сомго чейин билет сатып алышып, орус бийчисинин өнөрүнө күбө болушту. Оюндун соңунда айрым көрөрмандар менен баарлашканыбызда, алардын айрымдары мындай белгилүү бийчинин келиши майрам экенин белгилешсе, кээ бирлери балдарыбыздын Анастасия Волочкова менен бирдикте бийлеши бизди кубандырды деген пикирлерин билдиришти.

Анастасия Волочкова Бишкекке оюнга бир күн калганда келип, чыгармачыл жамаат менен таанышып, чогуу даярдыктарды көрдү. Театрдын бийчилери сырттан коноктордун келиши биз үчүн жакшы, себеби өзүбүздүн эле казаныбызда кайнай бербей, тажрыйба алмашуу болот деген ойлорун ортого салышты. Башкы балетмейстр Догдурбек Бийсеев Волочкованын келиши биз үчүн зарыл болчу себеби башка белгилүү артистердин келишине түрткү берет деген оюн айтты.

Анастасия айымдын келиши менен бир канча жылдан бери көңүл бурулбай келген опера балет театрынын сахнасынын жыртык-тешиктери бүтөлдү. Тактап айтканда сахнанын полуна линолеум төшөлдү. Аны үчүн жүз жыйырма миң сом сарптадык, эгер Волочкова келбесе оңдолмок деле эмес, анткени билеттин эсебинен алдык деди Догдурбек Бийсеев. Эми Анастасия айым жакын арада кайрадан Бишкекке кайтып келип, театрдын бийчилерине устаттык сабак өткөрүүнү жана чоң програмадагы жеке концертин тартуулоону ниет кылууда.

Жума күнү Бишкек Гуманитардык Университетинде Жапан күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болду. Ага Жапониянын Кыргызстандагы иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Тацухико Касай мырза катышты. Бул иш чаранын алкагында Жапон өлкөсү тууралуу маалыматтар берилип, аталган окуу жайдын студенттери жапон элинин улуттук каада-салттарын, ыр-бийлерин камтыган концерттик программа тартуулашты. Чыгыш таануу факултетинин студенти Асель Сагынкулова мен үчүн жапон дүйнөсү менен таанышуу кызык дейт.

-Жапонияны жан дүйнөм менен жакшы көрөм. Ал жакка барганга аракеттенем. Өзгөчө жапон аялдары кандай кийинет, кандай чай куят мына ошонун баары мен үчүн кызык.

Ал эми окуу жайдын жапон филология кафедрасынын адиси Нуркамал Жумабай кызы мындай иш-чара биринчи ирет өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде Америкалык сүрөтчү Штефан Ейнстин заманбап консептуалдык заманбап багытта тартылган сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтүүдө. Тактай бетине боектор түшүрүлгөн, түрдүү темадагы бул эмгектерин сүрөтчү Бишкекте жараткан.

Бул жерде коюлган сүрөттөрдү мен ушул музейден тарттым. Анткени мындай чоң көлөмдөгү иштерди алып келүүгө мүмкүнчүлүк жок. Андыктан Нью-Йорктон идея менен келип, аны бул жактан тактай бетине түшүрдүм. Көпчүлүк көрармандар мындай сүрөттөргө анча түшүнө беришбейт.

Мындай багыттагы сүрөт өнөрү менен алектенген кыргыз сүрөтчүлөрүнүн бири Шаарбек Аманкулдун айтымында концептуалдык багыттагы сүрөттөрдү жаратууда биринчиден реалисттик сүрөт өнөрүнө керектелген каражаттар колдонулбайт, экинчиден мындай сүрөттөр оңой менен сатылбайт. Штефан Ейнс мындай көргөзмөлөрүн Австрияда, Түркияда уюштурган. Ал эми 6-июлда Ошто Шаарбек Аманкул менен бирдикте “Глобалдык замандаш” аттуу көргөзмө уюштурууну ниет кылууда.
XS
SM
MD
LG