Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

16:05 Ф. Кулов Кыргызстандын тышкы карызын жоюу боюнча Элдик эсепке биринчилерден болуп акча которууга даяр


Бул тууралуу Бириккен Фронттун лидери бүгүн Экинчи элдик курултайда билдирди. “Мен премьер-министр болуп турган учурда, бул түрлүү иш-чараларга каршы болчум. Себеби өкмөт кайыр сурабастан, карызды жоюу жана элге акча берүү жөнүндө ойлонушу керек. Алгач президент Бакиев менен премьер-министр Атамбаев бул фондко канча акча которо тургандыгын айтсын. Бирок патриот катары, ошондой эле кийин мени өлкөнүн тагдыры тууралуу ойлонбойт деген сөздөр болбошу үчүн мен бул кадамды биринчи болуп жасайм”, деди Феликс Кулов. Учурда оппозициялык Бириккен Фронттун лидери Кулов премьер-министр болуп турганда тышкы карызды жеңилдетүү боюнча ХИПК программасына кирүүгө макулдугун берген. Бирок кызматтан түшкөндөн кийин өзүнүн колун чакыртып алган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG