БЕЙРУТ. Бүгүн Ливанда өкмөттүк күчтөр менен Ливандын качкындар турган жайларында жашынган исламчылардын ортосундагы салгылаш улантылды. Кечээги ок атышууда өкмөттүк эки аскер курман болгону маалымдалды. Бийликтердин айтымында, ошондой эле көптөгөн исламчылар жаракат алды. Өкмөттүк аскерлер Фатах ал- Ислам куралдуу согушкерлерине каршы 20-майдан бери рейд жүргүзүп келататт. Бул 1990-жылы ички согуштан бери Ливанда катталган эң кандуу ички кагылышуу болуп калды.