СИНГАПУР. АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Азия өлкөлөрүн Ооганстандын баш аламандык очогуна айлануусуна жол бербөөгө үндөдү. Жакында эле эгемендик алган кошуна Борбор Азия өлкөлөрү демократия жана эркин экономикага өтүү жолунда кыйынчылыктарга туш болуп жатышат, деп кошумчалады ал Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук конференциясында.