Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

11:05 Укук коргоочу Азиза Абдурасулова: Акүйдүн ичинде мыйзам бузулуп, адам укугу тебеленип жатат


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын эксперти Икрам Мамашев президенттик администрациянын жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз түрдө кызматынан бошотулган:

-Икрам Мамашевдин кызматынан бошотулуусу мыйзамга таптакыр туура келбейт. Аны пенсияга чыгарына жети ай калган учурда минтип жумушсуз калтыруу менен президенттик администрациянын, адам укугун коргоо боюнча комиссиянын өзүндө адам укугу тебеленип жатат. Биз бул иш боюнча райондор аралык сотко кайрылганы жатабыз, -дейт Азиза Абдурасулова.

КР президентинин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун болсо Икрам Мамашев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу бошотулганын билдирди.

XS
SM
MD
LG