2004-жыл. Сентябрь айы. Ордо калаадагы Тарых музейинин залында “Манас мурас” коомдук кору уюштурган “Башканы коюп Манасты айт” аттуу жаш манасчылардын Республикалык фестивалы өтүп жатты. Кезек маданий коомчулукка, жаш манасчылардын арасына такыр белгисиз Улан Исмаилов аттуу шыңга бойлуу жаш жигитке келип, Улан сахнага чыга келди да, “Манастагы” угуучуларга анча белгисиз “Шыпшайдардын келиши, баатырлардын өлүмү” деген бөлүгүнөн айтып калды:
Ээ, кытайлардын Шапшайдар,
Адамдан бөлөк жан эле,
Аткыч мерген жагынан,
Адам жакын барбаган,
Кудай бетин салбай кал,
Кытайлардын Шапшайдар.
Казыналык чоң мерген, - деп, эки саат эргип, күпүлдөтө айтып, “буга чейин кайда жүргөн манасчы” дедиртип угуучуларды таң калтырды. Улан ошентип баш байгени жеңип алды.
Азыр Улан 23-жашта. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын Ысыккөлдөгү бөлүмүнүн 4-курсунда окуйт. Ал өзү теңдүү жаш манасчылардан айырмаланып жаттап айтпастан, улуу манасчылардын жолдорун жолдоп түш көрүү менен Манас айтып калган. Манасты кандайча айтып калганын Уландын өзү айтып берди:
- Менин ата-тегимде, укум-тукумубузда эч бирөөсү Манас айтпаптыр. Менин Манас айтып калуумдун бирден-бир себеби, чоң атам малчы эле. Мен алардын колунда жүрчүмүн. Жайлоодобуз. Чоң атам, чоң энем бир күнү айылга өлгөнгө кетишти. Күүгүм ченде уй саап атсам артыма бир көлөкө келип: - Ой бала мобу дөңгө чык,- деди. Мен коркуп кетип эле Эшпер деген дөңүбүзгө чыктым. Алдымды карасам куюн келатат. Кайыптын жолуна кездешип атасың, жакшылап кара. Ар бирине сын берип айтам. Ошону жакшылап ук, уктуңбу какмар,- деди. Отурсам эле куюндун арасынан чоң сары кула ат минген кош кабактуу чоң адам чыга келди. Мени тиктегенде анын көзү кадимкидей күйүп турду. Жалтанып жер карасам артымдан бей тааныш адам: - Ой какмар, минтип отурсаң Манасты кантип айтасың. Жакшылап таанып, жакшылап көзүң менен көрүп албасаң кантип айтасың,- деп кайра көтөрдү. Экинчи караганда жарым мүнөтчө карадым. Ошондо баштагыдай эле көзү күйүп турган экен. Жалтанып жер карасам, баягы бей тааныш адам: - Ой какмар карабайсыңбы,- деп, үчүнчү жолу мени үч мүнөтчө каратты да анан ал: үзүлгөн элди улаган, чачылганды жыйнаган айкөл Манас, анын баскан жерин, турган турпатын өзгөчө катуу сүрөттөп айт – деди. Менин алдыман 45 атчанды өткөрдү. Ар бирине өзүнчө сын берип ыр менен сүрөттөп айтып берип отурду. Булар чыгышка жоо сүрүп баратат. Анан алыс жакты көрсөттү. Мен бүлбүлдөп бараткан калың колду көрдүм. Тээтиги Коңурбайдын колу. Алар менен чабышканы баратат. Коңурбайды да жакшылап айт. Өз деп Манаска тартып койбо. Аны да жакшылап айт. Коңурбайдын калмактыгы болбосо кай жерде айыбы – деп айтканда мен эс учумду билбей калдым. Эртең менен ойгонсом үйдө жатыпмын. Короодогу мал чыкпай калыптыр. Кошунабыз Тилекбек: - Улан уктап калганбы – деп, ойготту. Турсам көзүм кычышып түш оогондон кийин оң көзүм көрбөй калды. Эртеси чоң атама болгон окуяны айтсам 5-6 кошунаны чакырып: - берчүнү берип кеткенби деп түлөө өткөрдү. Жарым айдай көзүм көрбөй жүрдү. Чоң энем учуктап атып оң көзүмдү айыктырып алды. Бир күндөн кийин кычышып жаш агып сол көзүм көрбөй калды. Бирок, ал көпкө созулган жок. Бир жумада айыгып кетти.
- Манасты биринчи жолу уктап атып түшүңдө айттыңбы, же шак эле эл алдына айтып чыктыңбы?
- Биринчи жолу Манастын бабаларын уктап жатып айтыпмын. Эмне деп айтканымды билбейм. Чоң атамдын айтымында Манастын төрөлүшүнөн өлгөнгө чейинки эпизодун айтыпмын. Ошондо мен:
Кабылан Манас канкордун,
Кай жеринде кеми бар,
Карап турсаң калайык
Өлгөн сайын өөрчүгөн,
Өткүр кыргыз тукуму,
Түгөнгөн сайын түтөгөн,
Түптүү кыргыз тукуму
Баскан жери каалгача
Айланганын айтайын.
Атаң көрү дүнүйө,
Алдына келип көп периң,
Байланганын айтайын – деп түшүмдө уктап жатып айтыптырмын. Жогорку саптарды чоң атам жаттап калыптыр. Чоң атам: - Балам, Манастын төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки окуяны бир таңда айтып койдуң. Уят. Мен чоң манасчыларды көргөнүм жок. Бирок элден укканымда кадимки чоң манасчы Дыйканбай бир гана Көкөтөйдүн ашын 7 күн айтыптыр. Айта турган болсоң жакшылап айт. Чындап кайып колдосо, аябай айтып жүр – деди. Мен болсом аз-аздан өзүмчө Манас айта баштадым.
- Улан мырза, манасчылардан түшүңө киргендери болобу? Болсо кимиси түшүңө кирди? Ал эмне деп айтты эле?
- Бир күнү түш көрдүм. Түшүмө айтылуу манасчы Саякбай атам кирди. Ай баатыр айтканың, үнүң жакшы. Баралыңа келгенде чоң тулпар болосуң. Сен Манастын күмбөзүнө барып, баатырдын арбагынын алдынан өтүп кел. Ошол жерден түп келсең өстүң. Өтпөй калсаң калдың. Сени таптап, сүрөп, тап берер киши жок. Өзүңдү-өзүң тапташың керек – деп айтты. Саякбай атамдын сөзүн эки дебей жети кара кой алып Таласка сапарга аттандык. Түнкү саат он экиде жетип бардык. Ошондо бир кызык окуя болду. Жатсам эле аттардын дүбүртү угулду. Бирөөлөр эле: - кайсы бала, кайсы бала дегенде, Саякбай атам көзүмө көрүнүп тетиги узун бойлуу чап жаак бала – деди. Түн ортосу болуп калган. Ошондо алиги киши тургузуп айттырчы – деди. Ошондо Каныкейдин жомогун айттым:
Ээ аруудан койнөгүм,
Тартсам жетпейт мойнума,
Талыктырбай кайран шер,
Тарата элек ичи койнуна,
Карагайдын как бутак,
Кайрып алган кан элең,
Калмак менен Манжуудан,
Татынакай кыргызды,
Кайрып алган кан элең,
Долондонуп топ бутак,
Толгоп алган кан элең,
Толкуп келген Кытайдан,
Тостурбай кыргыз элимди,
Тооруп алган кан элең.
Деп ошентип Каныкей
Эки көзү мөлтүлдөп
Ыйлап турган Каныкей
Кайың ыйлап, тал ыйлап,
Көргөн журттун баары ыйлап,
Ошондо улуу, кичүү дагы ыйлап, - деп айттым. Ошондо ал эртең менен күн чыкканда айт. Түн ичинде айтсаң уккан адамдар болбойт. Сөзүң өлөт, куту жок болот. Эртең менен чыкканда айтсаң алдыңа эл толуп турат. Күн батканда айтпа – деди. Айтканындай эле эртең менен бир койду союп, күн чыкканда Манасты айта баштадым. Саат ондордо эле жүздөгөн кишилер келишти. Ошондо Манасты айткан манасчыларды мындайча сүрөттөп айта баштадым:
Ээ баатыр Манас бабаңдын,
Бабалардан баштайлы
Айтпай кетсек болобу,
Айтпай койгон абаңдын,
Деле иши оңобу,
Ушул жалган дүйнөгө,
Кимдер келип кетпеген
Кереметтүү Манасты,
Кимдер айтып өтпөгөн.
Кезегинде эки чоросу,
манасты айтып өтүптүр,
Ырычы уулу баштап айтыптыр
Андан бери уланып бабадан
Муундан муунга көчүптүр,
Кезегине келгенде
Балык ооз айтып кетиптир.
Балык айтып жатканда
Карап турган калың журт,
Уюганы дагы чын,
Кылкылдап карап ошондо,
Коргошундай култулдап,
Уюганы дагы чын,
Ушул Манас бабаңды
Келдибек айтып жатканда,
Кечээ калдым бирөөдөн
Атаганат дүнүйө.
Келдибек айтып жатканда,
Көлдүн бети толкундап,
Баатырды айтып жатканда.
Үну чыгып кадимки,
Күн күркүрөп ошондо,
Алты сай мөлтүр куюлуп, - деп шекилдүү абалкы манасчыларды санап айттым.
- Улан мырза, Таласта канча күн болдуң? Манас айттыңбы?
- Таласта баш-аягы жети күн болдум. Беш күн Манас айттым. Бир жарым күнү Семетейден үзүндү айттым. Семетейден Тайторуну чапканга чейин, Сейтектен Сейтектин төрөлгөндөн элине келгенге чейин айттым. Уктап жатсам: - Алдыңан аркан тоспосун, адам баласы сенден озбонсун, астыңа киши салдырба. Баатыр Манасты жеке меники дебей жүр. Ким айтса ошого күч кубат берип, шыктантып жүр балам. Астыңды тоспосун, аштаганың туу болсун. Баштаганың журт болсун – Ошентесиңби? дегенде : - Ооба, деп деп ойгонуп кеттим. Жанымда чоң атам жаткан экен. Мен болсом сыртта Манас атанын күмбөзүнүн жанында жатчумун. Чоң атама айтсам башымдан суу тегеретип, куран окуду. Кайрадан уйкуга кеттик.
- Алгачкы жолу азыркы манасчылардын кимисине жолуктуң?
- Биринчи жолу манасчы Жуманалиевке жолуктум. Ал манасты мындай айт, тигиндей айт деген кеңешин уктум. Бишкектен Уркаш Мамбеталиевге жолуктум. Ошондо Уркаш абам айттырып көрүп, “Коңурбайдын сайышын” айт деди. Мен айттым. Батасын берди. Биринчи жолу калың калк алдына “Башканы коюп Манасты айт” аттуу фестивалда айтып чыктым. Баш байгени уттум. Ошентип жолум ачылды. - деди Улан Исмаилов.