Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:39

Израиль Газа тилкесинен кайрадан ракеталык аткылоого дуушар болду


ГАЗА. Бүгүн эртең менен Изарилдин аймагы Газа тилкесинен кайрадан ракеталык аткылоого дуушар болду. Маалыматтарга караганда, андан төрт израилдик аскер жаракат алды. Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Ольмерт, Израилди аткылоону улантып жаткан согушкерлер менен ок атышууну токтотууга барбай турганын билдирди. Ишемби күнү Хамас тобунун жетекчилиги Израиль менен бир жылга аткылашууну токтотууга маакулдаша турганын билдирген. Ал үчүн Израиль Иордандын батыш жээгиндеги жана Газа тилкесиндеги аскердик операцияларын токтотуусу керек.

XS
SM
MD
LG