Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

НЕМИС МАРТИН ФЛУХДУН БИШКЕК-ОШ МАРАФОНУ


29- майдан бери Германиялык мугалим Мартин Флух Бишкек- Ош маршруту боюнча жөө чуркап баратат. 3-июнда кечээ марафончу Мартин Флух Каракөл шаарына жетти.

Германиялык Мартин Флухтун Бишкек-Ош багытында чуркап бартканына бүгүн жетинчи күн болот. Ал күнүнө 60 чакырым аралыкты чуркап өтүүдө. Аны коштоп бараткан айдоочу Жаңыбай Токтомаматовдун айтымында, ал ар бир он чакырым аралыкта он мүнөттөй эс алып, кайра чуркоосун улантууда. Мартин Флухтун марафондук жүрүшүн телеоператор тартып, коштоп келүүдө.

Мартин Флух менен телефон аркылуу байланышып, ал- абалын сураганымда, алгачкы эки-үч күнү кыйналганын, учурда өзүн жакшы сезип, жолдун жарымынан көбүн чуркап койгонун, айрыкча Төө ашуудан кыйналганын айтып берди.

- Азыр өзүмдү жакшы сезип, кыйналганым жок. Өргө чуркоого караганда ылдый карай чуркоо кыйын. Күн ысып бараткандыктан кечээтен баштап таң эрте саат беш жарымдан баштап чуркап жатам. Таңкы салкында чуркоонун өзү рахат. Кечээ досторум жолугуп, ал- абалымды сурашты. Менин чуркап баратканымды кызыгып, карагандар болууда. Ал түгүл айрым айылдын балдары мени коштоп бир аз чуркап, артта калып жатышат. Учурда баары жакшы, ойдогудай.

Саясат таануу илимдеринин доктору Айбек Кочкоровдун пикиринде германиялык Мартин Флухтун марафону эл достугуна данакер болуу менен сергек жашоо ыңгайын үгүттөп, башкаларга үлгү болуп келет. Мартин Флух мурда Орусиянын Дон суусун сүзүп өтүп, Аргентинанын токойлорунан марафондук чуркоодон өткөн. Ал тобокелге баш байлаган спорттун түрүнө кызыгат, дейт Айбек Кочкоров.

Өлкөнүн Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында, германиялык мугалим Мартин Флухтун демилгеси достуктун символу, Кыргызстанды тынчтыкты сүйгөн өлкө катары таанытат. Мурда дагы мындай марафондук жарыштарга катышкан кыргызстандыктар болгон. Алардын бири нарындык маркум Төлөн Насырынбеков Ош, Стамбул, Пекин шаарларына чейин чуркап барып келген.

47 жаштагы германиялык Мартин Флух эки жылдан бери Ош шаарындагы №18-орто мектепте немис тилинен сабак берип, өз ыктыяры менен Кыргызстанда иштеп жүрөт. Ал 9-июнь күнү Ош шаарында марафондук жүрүшүн соңуна чыгарат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG