Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

4-ИЮНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


Бурана тарыхый эстелигинин жанынан табылган байыркы көрүстөн жана карапа идиштер туурасындагы маалымат, 1954-жылдын 4-июнунда коомчулукка маалым болду. Кыргызстандын түндүгүндө алтындан да баалуу индий кени ачылды деген кабар 1936-жылдын бу күнү коомчулукка кабарланды.

Бурана тарыхый эстелигинин жанынан табылган байыркы көрүстөн жана карапа идиштер туурасындагы маалымат 1954-жылдын 4-июнунда коомчулукка маалым болду. Чүй районундагы Дөңарык МТСинин трактористтери Бурананын айланасындагы айыл чарба иштерин жүргүзүү маалында ичинде адамдын сөөгү жайгашкан 1 метр 20 сантиметр бийиктиктеги, диаметри 90 сантимерлик карапа идишти табышкан.

Кыргыз ССРнин жаратылышты коргоо Коому 1964-жылдын бу күндөрүнөн тарта иштей баштады. Кыргызстандыктар үчүн Коомдун ачылышы беймаалым калганы менен айлыктан кармалган взнос акчаларын улам алар жаратылышты коргоо аракети жасалып аткандыгынан кабар алышкан.

Жаңыдан курулуган Совет бийлигин коргош максатында, 1918-жылдын бу күндөрү Пишпек шаарында кызыл аскерлердин ыктыярдуу отряды уюшулган. Ыктыярдуу отряддын саны 700 аскерден куралып, ал 2 атчандар кавалериясы, эки жөө аскерлер батальонунан турган. Кызыл аскерлер отрядын пишпектик Илья Павлов жетектеп, ал аскерлерди Ташкент аркылуу Оренбург шаарына жеткирген. Кыргызстандык жоокерлерге Ташкент шаарынан курал берип, аларды эки пулемет жана кылыч менен жабдыган. Оренбург шаарына жуп жеткенде ыктыярдуу отрядга Пишпекке кайткыла деген күтүүсүз буйрук берилген.

Эмен багы менен Дзжержинск көчөсүнүн кесилишинде орун алган азыркы “Аксакалдар чайханасы” 1933-жылдын бу күндөрү ишке киргизилип, адегенде ал уйгур-өзбек чайканасы аталган. Башында чайканага Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы А.Орозбековдун ысмы ыйгарылып, коомдук тамактануу жайына “калкты чыгыштын даамдуу тамактары, улуттук ичимдик жана бал муздак менен камсыздоо” маселеси жүктөлгөн.

Бугу чейин Чүй өрөөнүндө орун алган жайкы аптап, 1945-жылдын бү күнү кескин өзгөрдү. Орто Азияга агылган арктикалык аба катуу бороон менен коштолуп, анын артынан нөшөрлөгөн жамгыр жааган. Бороон электр карагайларын жыгып, зымдарды үзүп Фрунзе шаарынын коммуникациясына оор залака келтирген.

Кыргызстандын түндүгүндө алтындан да баалуу индий кени ачылды деген кабар 1936-жылдын бу күнү коомчулукка маалым болду. Индий табиятта сейрек кездешкен маталлдардын катарына кирип, ал убакта дүйнөдө бир канча киллограм индий өндүрүлгөн. Индий аскер өнөр жайы үчүн колдонулган.
XS
SM
MD
LG