Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

ОРУС-ЖАПОН АЛАКАСЫ, ТАЛАШ-ТАРТЫШТУУ КУРИЛ МАСЕЛЕСИ, МИНИСТРДИН ВИЗИТИ


Муса Мураталиев, Москва Азиянын Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Сеулда өтчү эки күндүк отурумуна баратып, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ара жолдо, Кунашир жана Шикотан аралдарына барып кетти. Анализчилер баамында СССР урагандан кийин Орусиянын мынчалык бийик даражадагы коногу Курил аралдарда биринчи жолу болушу. Ошондуктан ага баарыдан мурда ал жерлерди өзүмдүкү деп келаткан Токио кулагын катуу түргөн. Министр барып кеткен Носаппу кысыгы, Жапониянын Хоккайдо аралынан болгону 7 гана чакырым аралыкта экенин айтышат. Түштүк-Сахалинскиде журналистер алдында Жапония талашып келе жаткан төрт аралдын тагдыры боюнча Лавров: «орус-жапон алакасында жер боюнча маселелер азырынча каралабайт» - деп билдирген.

«Жапонияга анын эки аралын Орусия кайрып бере алат»,- деген кеп ушул эле Лавров оозунан, ал өлкөгө Тышкы иштер министр болуп келгенде чыгып кетип, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бери дегенде 60 жыл талашка түшкөн Кунашир, Итуруп, Шикотан жана Хабомаи аралдарынын чыры ошондо бир ырбап кайра басылды эле.

Ал ошол аралдардын экөөндө болуп кеткен. СССР кезегинде мыйзамсыз тартып алган деп, Токио төрт аралды талашып келет. А Маскөө болсо аларды согуштан соң олжого келген тарыхый жерлерибиз деп келет.

Курилдик кыркаар деп коючу аралдар баш-аягы 56 аралдан турат экен. Этеги Жапондор ири аралы Хоккайдого тийип, жакасы Орусиянын Камчатка жарым арлына жеткен алардар арасынан төртөөнүн тагдыры талашка түшүп келет.

Жапония 1951-жылкы Сан-Франциско келишими негизинде өзүнүн Курил жана Сахалин жерлеринен кечип, аны Маскөөнүн энчисине өтсүн деп кол коюп берген. Ошондо төрт аралдын кайсы тараптык экенин так далилдөөдө чаташтык кеткен дешет. Кийин Хрущевдун тушунда Токиого ал аралдардын экөөн кайтарып берүү маакулдашуусу түзүлгөн. Ал үчүн Жапония мамлекетер ортосунда түзүлүп, бирок таанылбай келе жаткан тынчтык келишимин таанышы керек деген талап коюлат. Бирок, Токио төрт аралды тең беришин талап кылып Кремлдин кебин укпай коет.

Кремлге Путин келгенден тартып Түштүк Курил аралдарына карата мамиленин баасы арткан. Алаканын андай экенин Владимир Путин журналисттер менен болгон кезектеги маалымдоо жыйынында айтып чыккан:

«Биз биргелешип маселелердин Жапон тарапка да Орусия тарапка да жаккыдай жолун табуу жумушуна кириштик»,- деген эле мындан бир жарым жылча мурда ал.

Министр Сергей Лавров журналисттер алдында: «Биз бири бирибизге жаккыдай, Орусия жана Жапон элдеринин кызыкчылыгына жооп бергидей жана чындыкка таянган чечим издеш үчүн даярбыз. Андай чындык болуп, экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарынын кол тийбестиги эсептелет» – деген.

Жапониянын тышкы иштер министрлиги таркаткан маалыматта, жекшемби күнү орусиялык чегарачылар балык уулоочу жапондук кемени кармап, 17 экипажы менен Петропавловск-Камчатскийге сүйрөтүп кеткен.

XS
SM
MD
LG