Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:58

ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР: КАМБАРАТА 1 – 2 ГЭСтерин КОНЦЕССИЯГА БЕРҮҮ УТУШПУ ЖЕ УТУЛУШПУ?


Жогорку Кеңеште премьер-министр А.Атамбаевдин катышуусунда Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтерин Токтогул каскадынан бөлүп чыгарып, аларды куруу үчүн концессияга берүү маселеси талкууланып келет. 30-майда Улуттук телерадио корпорациядан кеткен «Ыңгайсыз суроолор» көрсөтүүсүнүн темасы дагы Камбарата ГЭСтеринин тагдыры тууралуу болгон. Ага Энергетиктер ассоцациясынын президенти Жамалбек Түлөбердиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Тайырбек Сарпашев катышты. Камбарата ГЭСтерин орусиялыктар менен казакстандыктар курса Нарын дарыясындагы сууну алар жөнгө салып калабы? Андай учурда Кыргызстандын суу-энергетикалык коопсуздугу коркунучка кептелеби? Суроолорду Кубат Оторбаев берген.

КУБАТ ОТОРБАЕВ:- Тайырбек мырза, ушул мыйзамды колдоп жаткандардын бир сизсиз. Эмне себептен? Ошол Токтогул каскадынын өзгөчө статусу жөнүндөгү мыйзамды киргизгендердин бири элеңиз. Ошол өзүңүздүн мындан канча жыл мурдагы чечимиңизге кайра каршы болуп, азыркы учурда Токтогул каскадындагы Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтерин чыгарып туруп, концессияга берүүгө макул болуп жатасыз. Кепти ушундан баштасак.

ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВ:- Биринчиден, мен бул мыйзамды 2003-жылы ошо кездеги эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Бакиев Осмон Керимбаевич экөөбүз жазганбыз. Ал убакта мыйзам жазылып жаткан себеби, ошол кездеги бийликтин сырткы карыздын ордуна Токтогул ГЭСин берет экен деген сөздөр абдан көп чыгып кеткен. Ошондуктан ушул мыйзам жазылып, гидростанциялардын баарына кол тийбестик коюлган. Андан бери жылдар өттү. Мына эми Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтерин кура турган кез да келди. Аны курабыз дегенибизге он беш жыл болду. Ушул кезге чейин токтоп турат. Экинчи жагынан менин көпчүлүк шайлоочуларым Токтогул регионунда ошондой эле Каркөл, Ташкөмүр шаарларында. Гидрокуруучулардын да кызыкчылыгын коргошум керек. Экинчиден, бул ГЭСтин курулушу Кыргызстандын экономикасына керек. Анткени, экөө бириккенде 2 миллиард 200 миллион квт. электр кубаттуулугуна ээ болобуз жана ошондой эле 20 миңден ашык адамдар жумуш менен камсыз болот, жети жыл бою. Андан сырткары биздин экономикага 2 миллиардан ашык доллар инвестиция келет. Ошол аргументтер менен ошо мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз.

К.О:- Тайырбек мырза, сиз негизги максат сырттан инвестиция тартыш керек деп жатпайсызбы. Азыр мына энергетика тармагы оор кризисти башынан кечирип жатат. Мындан он жыл мурда энергетика тармагы эң кирешелүү тармактардын бири болчу. Мындайча айтканда, казынага эң көп каражатты берип жаткан тармактын бири болчу. Эмне үчүн ушундай абалга келдик?

Т.С:- Албетте, мунун эң башкы себеби энергетикадагы акыркы он жылдагы жасалган реформанын туура эмес жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасынан болду. Жакында биз да парламентте карадык. Эл журт дагы көрдү депутаттардын сессиясынан.

К.О:- Менчиктештирүү этап-этап болуп түзүлбөдүбү. Ошол өзүн актадыбы?

Т.С:- Актаган жок. Өз максатына жеткен жок. Муну жалгыз эле депутаттар эмес өкмөт башчысы дагы мойнуна алды. Биз “2” деген баа коюп жатканда, ал дагы макул болду. Анткени, реформа начар жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн жок деп айтсак да болот.

К.О:- Ушул жерден сөздү Жамалбек мырза сизге берсек. Акыбал өтө оор. Сиз болсо мындан жети-сегиз жыл мурда Кыргызэнерго деген чоң компанияны башкарып тургансыз. Эмне үчүн акыбал ушундай оор кырдаалга такалды?

ЖАМАЛБЕК ТҮЛӨБЕРДИЕВ:- Акыбал оор. Биз ар кандай реформа жүргүзгөндө реформаны ойлонбой жүргүзүп, анын аягына чыгарган жокпуз. Энергетика советтер союзу тарагандан кийин Кыргызстанда энергетикадан башка эч нерсе калган эмес. Көмүр, күйүүчү каражат калган эмес. Жалаң электр энергиясы калган. Ошондо биз чечим кылганбыз. Бүт республиканын элин электр энергияга өткөрөлү дегенбиз. Ошондой чечим алып анан кийин электрофикация жасаганбыз. 1996-жылы биринчи жыйынтыгын алдык. 26 миллион доллар экономия алдык. Үч станцияны курдук өзүбүздүн күчүбүз менен. Ташкөмүр, Шамалдысай, Камбарата-2. Ошол экөөнү куруп жатканда бир топ адамдар мага сунуш кылган. Мен анда президент болчумун. 150 миллион доллар берели кредитке алгыла дешкен. Биз албайбыз деп өзүбүздүн күчүбүз менен тургуздук.

К.О:- Демек, ошол учурда сиздер Камбарата-2 ГЭСин куруп жаткансыздар да?

Ж.Т:- 1996-жылы Камбарата-2 ГЭСин куруп, Ташкөмүрдү коё бердик. Сметалык баасы 250 миллион 456 миллион доллар киреше түштү Ташкөмүрдөн. Шамалдысайды коё бердик, 155 миллион бүгүн киреше түштү. Былтыр 190 миллион. Камбарата-2 ГЭСи дагы курулуп бүтүп калган. 250 миллион доллар баасы. 120 миллион доллар болгон. Тунелдин баары курулуп бүткөн. Эми ошону биздин план боюнча 1997-жылы ишке киргизмекпиз. 1997-жылы Камбарата-1 ГЭСине киришип, 2005-жылы ишке киргизилмек.

К.О:- Жамалбек мырза, эми азыркы жагдайга келеличи. Сиз каршысызбы?

Ж.Т:- Мен каршымын. 1996-жылы Дүйнөлүк Банк бизди чакырып алып айтты. Бааны көбөйткүлө деп. Биз электр энергияны элге 6 тыйындан берчүбүз. Жалпы баасы 11 тыйын болчу. Өнөр жайы 17 тыйын болчу. Жоготуу 11 % болчу.

К.О:- Азыркы күндө жоготуу канча болуп жатат?

Ж.Т:- Азыр эми 40-50 % деп айтып жатат. Андан да ашып кетти.

К.О:- Жагдайдын ушундай оор болуп кеткенине эмне таасир берип жатат?

Ж.Т:- Таасир бергени мен ошондо каршы чыкканмын. Арызданышып териштиргенбиз. Бааны көбөйтүүгө болбойт. Себеби, элдин 50 пайызы айлыгы жок жүргөн. Каршы чыгышып ошонун эсебинен биз бир пикирге келишпей, мен кызматтан кетип калганмын. Биринчи реформа 1996-жылы болуп, ошондо эле билинген. Бирок, жүрүп отуруп 2000-жылы билесиздер 1 миллиард 160 миллион сом киреше алдык. Бирок, дебитор 1 миллиард 300 миллионго жетти. Жоготуу болсо 25 миллионго жетти. Экинчи этап болду. Анда дагы ушул акыбалга жеткенбиз 2001-жылы реформа жасалды. Бүт энергетиканы бөлүп, өзүнчө безрегулирующий орган кылалы дедик. Жасады. 2005-жылы эмнеге келдик. 6 миллиард дебитор, жалпы жоготуу 400 миллион болду. Жоготуу 45 %ке жетти.

К.О:- Ушул жерден сөздү Тайырбек мырза сизге берсек. Сиздин оңузча ушундай акыбалдан кантип чыгыш керек?

Т.С:- Эми Жамалбек агайдын сөзүн улап негизи теориялык жактан мыйзам жолу менен дүйнөлүк стандартка алып келели деген тилек болгон. Бирок, тилекке каршы ал ишке ашкан жок.

К.О:- Кайсы жерден жаза кетти?

Т.С:- Эң негизги күнөө, жаза бул бөлүштүрүүчү тармактан кетти. Бөлүштүрүүчү тармак бүгүнкү күндөгү эң башкы жара. Коррупцияда да ошол жерде болду. Өзүлөрү уурдагандар да ошол жерде, жоготуунун баары ошол жерде жана ошондой эле дебитордук карыздын топтому да ошол жерде.

К.О:- Жакында премьер-министр келгенде айтпадыбы. Энерго системага менин азыр алым келбей жатат деди. Акыбалдан чыгыш үчүн анын кандайдыр бир мыйзамдык жолу бардыр. Кандай өзгөртүү киргизиш керек? Мисалы, Феликс Кулов энерго барондорго каршы күрөшөм деп алы келбей койгонун билебиз.

Т.С:- Эми мунун эки жолу бар. Биринчиси, административдик. Кеңештерге өзүлөрүнүн кишилерин коюп, өкмөттө иштеген мамлекеттик кызматтагы адамдарды коюп туруп, административдик жол менен текшерип, убактылуу чараларды колдонсо болот. Экинчи жагы бул рыноктук жолу. Бөлүштүрүүчү тармакты аягына чейин жеткириш керек. Коркуп отура бербей. Мынча болду артка жол жок болгондуктан алдыга кетиш керек.

К.О:- А сиз коркпойсузбу Камбарата-2 ГЭСин чет элдик ишканалар алса, мисалы, Казакстан менен Орусия мамлекетинин аты аталып жатат. Алар келип биздин суу энергетикалык жалпы коопсуздугубузга коркунуч келтирбейби деп. Алардын колунда бүт дарыялар ойноп калбайбы деген?

Т.С:- Андай коркунуч бар. Мен муну палатадан айттым. Суроо да бердим. Кийинки биринчи күнү дагы ушул маселении карайбыз. Мындай коркунуч бар. Себеби, эгерде жалаң эле Орусия мамлекети алса анда коркунуч жок эле. Бирок, тилекке каршы Казакстан ага кошулуп жатат. Суу ресурстары биздин колубузда болгондон кийин 51 пайыздан ашыгы Кыргызстандын колунда болуш керек. Келген инвестиция эч кандай сууга ээлик кылбаш керек. Анткени, биз айтып жатабыз концепцияны мыйзамды чыгаргандан кийин Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтерин дагы кайра инвестициялык макулдашууну үч мамлекет менен түзүп келгенден кийин дагы Жогорку Кеңеш бекиткенден кийин кетсин.

К.О:- Жамалбек мырза, энергетика тармагында жагдай өтө оор. Сиз тажрыйбалуу адам катары айтсаңыз. Абалдан кантип чыгыш керек?

Ж.Т:- Мурунку жылдары 2000-жылы айткам. Жазганмын. Абалдан чыгуунүн бир гана жолу бар. Азыр комиссиялык жол менен мамлекеттин депутаттары биригип, кимге кандай тариф бүт аткарат. Ошону чечишибиз керек. Калкка биз азыр энергияны 22 эсеге кымбат сатып жатабыз. Андыктан азыр комиссиялык жол менен чечиш керек. Мен аны президентке да жазганмын. Экинчи маселе президенттин же болбосо премьер-министрден указ чыгыш керек. Электр энергияга кимде ким төлөбөсө өчүрүлсүн деген. Азыр өзүндө эки топ болуп комиссия түзүлүш керек. Бирөө директивный, бирөө контрольный. Ошолор так, туура, катуу текшериш керек.

К.О:- Бөлүштүрүүчү, өндүрүүчү, таратуучу дегендер кандай болот?

Ж.Т:- Алар ошол бойдон кала берет. Бирок, аларга текшерүүнү министрлик жазат.

К.О:- Демек, жаңы түзүлгөн энергетика, өнөр жай министрлиги дагы жакшы иштей албай жатат да?

Ж:- Экинчи суроо бул бизди эң кыйчалыштырган нерсе - экспорт. Экспорттон биз 2002-жылы 82 миллион доллар албадык беле. Мурун ушул убакта премьер-министр өкмөт аралык макулдашуу бүтчү. Канча суу коё беребиз. 1992-жылдан бери премьер-министр, өкмөт күнөөлүү, алар иштебей коюшту. Ар кимиси өзүнчө отуруп, ушул акыбалга алып келди. Комиссия чечиш керек. Ансыз экспорт болбойт. Андан да жаман болот.

К.О:- Жамалбек мырза айтсаңыз. Камбарата ГЭСтери чет элдиктердин колуна өтсө, биздин суу энергетикалык коопсуздугубузга коркунуч келеби же келбейби?

Ж:- Биринчиден, мен түшүнбөйм. Камбарата-2 ГЭСин концепцияга беребиз дейт. Камбарата-2 ГЭСинин иши бүттү. Болгону бир 40 миллион доллар керек. Киреше эми 82 миллиондон, үч жылдын ичинде бүтүп программа түзүлгөн. Токтом чыккан бирок, эч ким иштебейт. Аны бергенде эмне. Камбарата-2 ГЭСин бөлүш керек.

Камбарата-1 ГЭСин көбү түшүнбөй жатат. Ал эң ири чоң станция. Токтогул ГЭСинен 1,5 эсеге кубаттулугу көп. Анда сегиз миллиард суу бар. Бирөө айтып жатат. 4 миллиард суу бар деп. 4 миллиард пайдалуу. Токтогул ГЭСи болсо 19 миллиард анын 12 миллиарды пайдалуу, калганы болсо өлүк да. Ошон үчүн чет элдиктерге бергенде эмне кылыш керек. Андыктан Камбарата-2 ГЭСи курулуп бүтүп калган. Өкмөттөн токтом чыгыш керек. Экспорттун эсебинен курулсун деген. Муну 1-2 жылдын аралыгында жолго салса болот. Камбарата-1 ГЭСин эч кандай концепцияга бериштин кереги жок. Концепцияга бергенден көрө Камбарата-1 ГЭСин бөлбөй туруп, өкмөт азыр долбоор түзүш керек. Ошол долбоорду аныкташ керек. 969 миллион доллар коё берүүчү комплект. Эми аны такташ керек. Камбарата-1 ГЭСине шашпаш керек. Ал биздин жалпы стратегиялык обьект. 66 % инвесторлордуку болот. 5 миллиард электр энергиянын 3, 4 миллиарды да ошолордуку болот. 1 миллион 900 миң кубаттуулуктун 1 миллион 250 миллиону да ошолордуку болот. Алардан ала албайбыз. Ал биздики эмес. Бизге Камбарата-1 ГЭСинин бир гана 1 миллион 700 миң квт. энергиясы болот. 600 миллион кубаттулугу менен. А биз антип башкара албайбыз. Тажрыйбадан көрүп жатабыз. Канттагы цемент шифер заводун. Алар бизди керек болсо коё бербейт.

К.О:- Тайырбек мырза, кандай деген ойдосуз. Эми парламент караган жатабы? Көпчүлүк добуш жакында карайбыз, беришибиз керек деп жатышат. Алар эмнени көздөп жатышат. Айрым бир оппозициялык маанайдагы депутаттар болсо күзгө калтырыш керек дешет?

Т.С:- Эми ал жерде эки көз караштын түпкүлүгүн тартыш керек деген бул жерде талаш жок. Болгону гана механизмдерден талаш бар. Бир бөлөгү айтып жатат контрольный пакетти чет өлкөгө бербестен Кыргызстанда калып, суу запасы бизде калыш керек. Биз чечишибиз керек сууну деп. Электр энергияны алса ала берсин. Эч кандай ал жерде чатак жок. Анткени Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСинен башка дагы эгер кура турган күчүбүз болсо андан жогору жакта башка каскаддар көп бизде. Жамалбек мырза жакшы билет. Көкөмерен, Тогузторо ошого окшогон көп суу сактагычтарды курса болот.

К.О:- Суудан коркунуч жокпу. Элдин корккону эле ушул болуп жатпайбы. Кумтөрдөн элдин оозу күйдү, Жерүйдөн элдин оозу күйдү, Канттагы цемент шифер заводу болсо бүгүнкү күндө бир тонна цемент 6-7 миң сом болуп жатат. Бардык товар өзүбүздүн колубузда болсо да бирөөлөргө көз каранды болуп жатабыз. Камбарата ГЭСтери курулуп калса ошондой коркунуч болбойбу?

Т.С:- Менин деле жеке чочулоом болгону бир гана суу жагы. Ал эми электр энергия жагынан ала келгенде коркунуч жок.

К.О:- Суу механизми иштелип чыга элек да?

Т.С:- Мен суроо бергенде өкмөт башчысы дагы ошо жердеги электр министрлиги дагы так жооп бере алган жок. Ооба, биз жөнгө салабыз деп койду. Бирок, кагазда жазылган бойдон келген жок. Ошондуктан айрымдары күздө карайлы дегендей кылып жатышат. Жамалбек мырзанын айтканы туура. Анткени, ошол кезде үч ГЭСти куруп бүткөн учурлар болгон. Бирок бүгүнкү күндө коррупциянын чоң өлчөмү менен баардыгы белчеден баткан карыздардын эсебинен кийин өзүбүздүн алыбыз жетпей жатабы, демек “эртеңки куйрукка караганда, бүгүнкү өпкө” дегендей биз куруп башташыбыз керек.

 

XS
SM
MD
LG