Биринчи май райондук соту ишемби күнү ушундай чечим чыгарып, муну мындай жобо мыйзамдарда көрсөтүлбөгөнү менен негиздеди. Муркумдун жубайы Назгүл Абдыкеримова соттон Шерали Назаркуловдун саясий ачкачылыктан өлгөндүгүн эске алып, мамлекеттен компенсация өндүрүп берүүнү сураган. Аксы окуясындагы ок атуудан жабыр тарткандарга компенсация төлөнгөндүгүн эске алган Назгүл Абдыкеримова эми райондук соттун чечимин жокко чыгарууну сурап соттордун жогорку тепкичтерине кайрылганы жатат. (BuS)