Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

15:02 Канадалык ишкана Барскоон кырсыгындагы чыгымдары үчүн каражаттын кезектеги траншын төлөйт


«Кумтөр оперейтинг компани» ишканасы мындай чечимди президент Курманбек Бакиевдин экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүнөн кийин кабыл алган. Бул тууралуу ишкана бүгүн тараткан маалыматта айтылат. Президент сөзүндө айрым депутаттардын «Кумтөрдү» мамлекеттин карамагына өткөрүү демилгесин колдогон эмес. Жогорку Кеңеш биринчи окулушунда кабыл алган «Алтын кендерине казуу жана иштетүүнүн айрым маселелерин мыйзамдарга ылайыктоо жөнүндөгү» депутат Арслан Малиевдин мыйзам долбооруна каршылык иретинде буга чейин ишкана беш айылга мурда төлөп келаткан компенсациянын калган бөлүгүн төлөөдөн убактылуу баш тарткан болчу. Бул Барскоондо нааразылык акцияга чыгууну шарттаган себептердин бири болгон.(BuS)

XS
SM
MD
LG