Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 06:35

15:15 Маңзаттарды көзөмөлдөө агенттиги: Ысыккөлдө кырдаал кооптуу


Аталган агенттик Ысыккөлдөгү К. Тыныстанов атындагы университетте социологиялык иликтөө жүргүзгөн. Ага миң студент катышып, алардын 28,3 пайызы аймакта баңги заттарын колдонуу көйгөйүн азайтуу кескин чараларга муктаж экенин айткан. 41,1 пайызы аталган облуста баңгичилик анча деле курч турбасына ишеничин билдирген. 33,5 пайызы болсо бул суроого жооп таба алышкан эмес. Сурамжылоонун жыйынтыгында көлдө эң көп колдонгон маңзат - гашиш (72,8 %) экенини белгилүү болгон. Респонденттердин көпчүлүгү (30,4%) маңзаттарга байланыштуу маселелерди азайтуу үчүн жумушсуздукту кыскартуу, паракорлук менен күрөшүү (22,9%), маңзаттарды даярдоо жана сатуу менен күрөшкөн тартип коргоо органдарынын маянасын жогорулатуу керек дешкен. (EBM)

XS
SM
MD
LG