Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:21

ШЕРАЛЫ НАЗАРКУЛОВДУН ЖЕСИРИ СОТТУН ЧЕЧИМИНЕ НААРАЗЫ


Мындан беш жыл мурда саясий ачкачылыктын кесепетинен каза тапкан укук коргоочу Шералы Назаркуловдун үйбүлөсү өкмөттөн компенсация өндүрүп берүү үчүн сотко кайрылган. Өткөн жума күнү Бишкектеги Биринчи май райондук соту Шералы Назаркуловдун жесирине, үйбүлөсүнө компенсация төлөөгө негиз жок деген чечим чыгарды.

Маркум Шералы Назаркулов атындагы корунунун жетекчиси Ниязалы Бекбердиновдун айтымында, Аксы окуясында бийлик тарабынан атылгандардын үйбүлөсүнө бир миллион сомдон компенсация төлөнүп берилген. Саясий ачкачылыктан каза болгон Шералы Назаркуловду дагы алардын катарына кошуп, “Эрдик” медалы менен курман болгондон кийин сыйлашкан. Шералы Назаркуловдун жесири Назгүл Абдыкеримова да компенсация төлөп берүү тууралуу учурдагы бийликтен суранып кайрылса, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев аксылыктардай сот аркылуу өндүрүп алуу кеңешин айтып, жооп берген. Муркумдун жубайы Назгүл Абдыкеримова Биринчи май райондук соттунан Шералы Назаркуловдун саясий ачкачылыктан өлгөндүгүн эске алып, мамлекеттен 5 млн. сом компенсация өндүрүп берүүнү сураган.
Бул ишти Биринчи май райондук соту Жыргал Мурзалиева карап, “Шералы Назаркуловдун үйбүлөсүнө компенсация төлөнбөйт” деген чечим чыгарып, муну мындай жобо мыйзамдарда көрсөтүлбөгөнү менен негиздеди.

Сотко күбө катары келген Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, Шералы Назаркулов саясий ачкачылыктан курман болгонун, анын үйбүлөсүнө өкмөт компенсация төлөп берүүсү керектигин, бул боюнча эми шаардык, анан Жогорку сотко, эл аралык уюмдарга чейин кайрыларын айтты.

- Кыргыз демократиясынын, адам укугунун өнүгүшүнө Шералы Назаркулов өзүнүн өлүмү менен чоң салым кошкон. Себеби, ал бул өлүмдү өзү көздөп, ага өз эрки менен барды.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын пикиринде, мурдакы бийлик Шералы Назаркуловду саясий ачкалыктан өлгөн эмес деген бүтүм чыгарууга аракет кылган.

- Учурдагы бийлик Шералы Назаркуловдун өлүмү, аксылыктардын каны, демократиянын шарапаты менен келип олтурат, ошондуктан соттошпой эле Шералы Назаркуловдун үйбүлөсүнө компенсация төлөп берсе болмок?- дейт Азиза Абдрасулова.

Шералы Назаркуловдун жесири Назгүл Абдыкеримова уулуна 212 сом гана пенсия чектелгенин, батирде жашаган үйбүлө жардамга муктаж экенин, Аксы окуясындагы ок атуудан жабыр тарткандарга компенсация төлөнгөндүгүн эске алуу менен райондук соттун чечимин жокко чыгарууну сурап акыйкаттыкка жетмейинче шаардык, Жогорку сотко, өкмөт башчысы Алмаз Атамбаевге жана эл аралык уюмдарга кайрыларын билдирди.

- Шералынын өтүп кеткенине мына беш жылдан ашса дагы бөксөргөн бөйрөгүбүз дале толбой, өксүп жоктоп келебиз. Кыргызда «атам өлсө да, атамды көргөн өлбөсүн» деген сөз бар, ошонун сыңарындай, Шералы өлгөн жок, карыганда көргөн чүрпөсү Азимбек турат. Аксылыктар сыяктуу эле биз дагы компенсация алууга акыбыз бар.

Укук коргоочу, белгилүү экономист жана журналист Шералы Назаркулов кыргыз-кытай чек арасы боюнча бийликти сынга алган көз карашы менен 2002- жылдын 5–январында камакка алынган парламент депутаты Азимбек Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү талабын коюп, ачкачылык жарыялагандардын башында тургандардын бири болгон.

Ачкачылык жарыялагандардын катарына Шералы Назаркулов 2002-жылдын 16-январда келип кошулуп, 6-февраль күнү кечинде акыл-эсинен танып ооруканага түшүп, 7-февралдын таңында каза болгон. Бул кайгылуу окуянын алдында Шералы Назаркулов эркек уулдуу болуп, анын атын депутат Бекназаровдун урматына Азимбек койгон.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG