Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ КАМБАРАТА ГЭСтери БОЮНЧА БИР ПИКИРГЕ КЕЛЕ АЛБАЙ ЖАТАТ


4-июнда Жогорку Кеңеш «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү» мыйзамдын алкагынан Камбарата ГЭСтерин жана Бишкек ТЭЦин чыгаруу маселесин кароого киришти. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен Өнөр жай жана отун-энергетика министри Игорь Чудинов, ГЭСти куруунун шарты, жол-жобосу боюнча маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп кылышты.

Камбарата ГЭСтеринин кубаты жана мүмкүнчүлүгү тууралуу министр Игорь Чудинов маалымат берди:

- Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүүдө Камбарата ГЭСтерин куруу өзгөчө мааниге ээ. Камбарата-1 ГЭСин курсак кошумча 6 миллиард килловат саат энергия, 5 миллиард куб метр суу алабыз. Куруу үчүн 1 миллиард 700 миллион доллардан ашуун каражат керек жана куруу иштери 6-8-жылга созулат деген божомол бар. Учурда ГЭСти курууга Казакастандан «Казкуат», Россиядан «РАО ЕЭС», «Русал», Кытай кызыгууда.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев өкмөт Камбарата ГЭСтеринин акцияларынын 51 %ын Кыргызстанга калтырууну жактаганын кабарлады:

- Парламенттик угуудан кийин биз эки сунуш киргизип жатабыз. Биринчиси, Камбарата ГЭСтеринин акцияларынын 51 %, же көзөмөлдүк пакети Кыргызстанда болуш керек. Экинчиден, Нарын дарыясындагы сууну өкмөт башкарат деген жобону мыйзамга киргизебиз. Албетте, 51 % акция бизде болгондо инвестор табуу кыйындайт, бирок биз аракет кылып, маселени чечебиз деп ойлоймун. Ошондуктан мыйзамды тезирээк кабыл алып берсеңиздер. Биз ишти башташыбыз керек.

Депутаттар Камбарата ГЭСинин стратегиялык маанисин белгилешип, андагы Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүнүн жолдорун сунушташты. Маселен, депутат Замирбек Эсенаманов ГЭСти этап-этабы менен курууну сунуштады. Бул жол кайсы бир деңгээлде пайдаланыларын министр Чудинов өз жообунда белгиледи. Ал эми депутат Темир Сариев ГЭСтерди куруунун башка схемасын сунуштады:

- Ошондуктан мен алгач Камбарата ГЭСин акционердик коомго айлантууну, андан кийин аны баалап, акцияларын сатууну сунуштап жатамын. Ошондо биз реалдуу инвесторго ээ болобуз. Андай жасабасак чалкештик боло берет.

Бирок, мындай иш жасалыш үчүн да адегенде Камбарата ГЭСтери Токтогул каскадындагы ГЭСтер жөнүндөгү мыйзамдын алкагынан чыгарыш керектигин төрага Марат Султанов эскертти.

Депутат Өмүрбек Бабанов Камбарата ГЭСтерин насыя алуу менен курууну сунуштап, ГЭСти курууга кызыгып жаткан РАО ЕЭС техникалык-экономикалык негиздеменин алдындагы иштер үчүн конкурс жарыялаганы суроолорду жаратып жатканын белгиледи:

- Потенциалдуу инвесторлор техникалык-экономикалык негиздеменин алдындагы иштерге конкурс жарыялап жатат. Демек, ким конкурс жарыяласа, анын кызыкчылыгына жараша документ жазылат да. Маселенин бул жагы суроолорду жаратат.

Өкмөт башчы Алмаз Атамабаевдин билдирүүсүнө караганда, ГЭСти куруу үчүн насыя алуу жагы караштырылып жатат жана бул маселелердин баары парламент менен макулдашылып жасалат.

Жогорку Кеңеш бул маселени кароону шейшемби күнү улантат. Бул күнү депутаттардын жарыш сөзгө чыгуусу белгиленди. Бирок, акыркы маалыматтарга караганда, 5-июнда Жогорку Кеңешке президент келип, экономикалык багыттагы, анын ичинде Камбарата ГЭСтерине байланыштуу мыйзамды тезирээк кабыл алууга парламентти чакырмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG