Ички иштер министрлиги уюштурган салтанатта белгиленгенге караганда, президенттин иниси жетектеген Коопсуздук жана тартип боюнча коомдук фонд ушундай эле жардамды июнь айында да бермей болду. Салтанатта тез аракеттеги отрядга ошондой эле «Сан&компани» ишканасы тоодо жүрүүчү автобустун ачкычын, Россиялык ички иштер кызматынын өкүлдөрү 20 даана атайын аракеттерде кийүүчү кийимдерди тапшырды. Отряддын милдет өтөп жүрүп каза болгон үч кызматкерине президент ыйгарган «Эрдик» медалдары тапшырылды. (BuS)