Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:17

18:05 Акыркы жети жыл ичинде Нарын облусуна тогуз комбайн келиди


НАРЫН. Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондусунун Нарын облусундагы жетекчиси Бакыт Исраиловдун айтуусунда, айыл чарба техникасы үчүн мындай ачык тендер биринчи жолу облуста өтүп, 2000-жылдан бери биринчи жолу көп сандагы, тагыраак айтканда 9 комбайн келди. Комбайндын экөөсүн президенттин атынан жер титирөөдөн жабыркаган Кочкор жана Нарын райондоруна берилип, жетисине тендер өткөрүлдү. Орусия өндүрүшүнөн чыгарылган “Нива Эффект” деп аталган комбайндардын баасы 1 млн. 800 миң сомдун тегерегинде болуп, дыйкандар 10 жылдык мөөнөттө төлөп бериши керек. Тендерге 8 дыйкан чарбасынан арыз түшүп, алардын жетисине берилди. Ал эми дыйкандар төлөө мөөнөтүн 12 жылга чейин узартса деген пикирлерин да билдиришти. Тендердин ишине башынан аягына чейин жергиликтүү журналисттер катышып отурушту. Ал эми атайын маалыматтарга таянсак, оруп-жыйууга техникалар жетишпеген сыяктуу бир катар маселелердин айынан айдоо аянты облуста акыркы жылда 2 миң гектарга азайган. (JI)

XS
SM
MD
LG