Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

18:30 Өлкөнүн Тышкы иштер министри Баткендеги чегара аймактарында болду


БАТКЕН. Тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин иш сапары алгач тажик-кыргыз тактала элек чегара тилкелеринен башталып, ал жерде министр делимитация, демаркация комиссиясынын жергиликтүү өкүлдөрү менен жолугушуп, кайсы жылдагы карта менен иштөө Кыргызстан үчүн ыңгайлуу экенин тактады. Эднан Карабаевди айрыкча Тажикстандын калкы жыш отурукташкан Ворух анклавы тууралуу маалыматтар кызыктырды. Жергиликтүү башчылар, жүздөгөн гектар жерлерлерди тажик жарандарынын мыйзамсыз өздөштүрүп отурукташып алышы, чек аранын так аныкталбагандыгы, жергиликтүү бийлик тарабынан чек араларды бекемдөө боюнча чаралар көрүлгөн менен күн алыс майда-чүйдө чыр чатактар болуп турганын маалымдашты. Тышкы иштер министринин облустагы визити 3-июнь жекшемби күндүн жарымын ээлеп, кыргыз-тажик чегара аймактарынан, Таштумшук, Аксай, Тамдык, ал эми кыргыз-өзбек чегара тилкелеринен болсо Сох анклавына чектеш Согмент, Чарбак, Кадамжай районундагы Бүргөндү массиви жана Шахимардан анклавын кыдыруу менен чектелди. (SA)

XS
SM
MD
LG