Президент Нурсултан Назарбаев күйөө баласын Астанага өткөрүп берүү ишин тездетүүнү өтүнүп, Австриянын канцлери Альфред Гузенбауэрге атайын телефон чалган экен, бирок ал сот органдарынын ишине кийлигише албай турганын айтыптыр. Австриянын башкы прокуратурасынын өкүлү Герхард Ярош бул иш бир топко узарып кетиши мүмкүн экенин ырастады. Маселени чечүүдө экс-элчиге коюлган айыптардын канчалык жүйөөсү бар-жогу гана эске алынбайт, анын ишин казак бийликтери адилеттүү негизде териштире алар-албасы да көңүлгө алынат.
Австриянын юстиция министрлигинин өкүлү Стефан Беннер кылмышкер деп табылган адамдарды өз ара кармап берүү тууралуу эки өлкө ортосунда келишим жоктугун ырастап, ошол эле учурда мыйзамда айрым бир жагдайлар да каралганын, ишти чечерде сот муну эске алышы мүмкүн экенин белгиледи.
Австриядагы Profil журналынын интернет баракчасында жарыяланган интервьюсунда Рахат Алиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын анын байлыгына көз арткан адамдар уюштуруп жатканын белгилейт. Мындан тышкары ал кайнатасынан: “Казакстан – мен бийлеген өлкө, бу жерде баарын мен каалагандай гана жасашат, бир эле сен мага моюн сунбай жатасың”,- деген сөз укканын эскерет. Экс-элчини “мафиянын башчысы” атыктырган бийликтерди айыптап, Алиев кайнатасы түзгөн атайын кызматтарды СССРдин тушундагы КГБдай эле ыпылас ыкмалар менен иштегени үчүн сынга алат. Бир кезде ал өзү ушул эле “ыпылас” органдарды жетектегенин эске салган кабарчынын сөзүнө Алиев атайын кызматтарды түп орду менен өзгөртүп чыккысы келгенин, анткени “адал кол жана таза абийир” деген эмне экенин өтө жакшы билерин айтып жооп берет.
Бирок Алиевдин “адал колуна жана таза абийирине” ишенгендер Казакстанда өтө эле аз. Көптөрү аны эми мекенине келбейт дешет. Эгер келсе, бу жерде чоң саясий жаңжал чыгып, бийликтеги бир катар төбөлдөрдүн былыгы чубалып калышы мүмкүн. Ошондон улам Алиевдин Венадан ары башка бир өлкөгө өтө качып кетишине кызыкдар болгон бийлик өкүлдөрү көп, дейт алматылык тургундардын бири. Экинчи бирөөлөр Алиев билген фактылардын баарын сыртка чыгарбайт, чыгарса өзүнүн да абийири айрандай төгүлөт дешет. Алиев келген күндө деле анын соттолоруна ишенбегендер андан арбын. Коомдук ишмерлердин бири Балташ Турсунбаев кайната менен күйөө бала кайра эле ымалага келип, ынтымакташып аларын бөркүндөй көрөт. “Улут тагдыры” уюмунун жетекчиси, белгилүү саясий баяндамачылардын бири Дос Көшүм иш кокус сотко жеткен күндө да ал эки тыянак менен аякташы мүмкүн дейт. Бир болсо Алиев өзү толук акталып, анын камчысын чаап, отунун алгандардын баары кылмышкер делинип, түрмөгө кесилиши ыктымал. Болбосо Алиевге жеңил-желпи бир жаза берилип, өнөктөш-табакташтарына да ушундай эле өкүм чыгарылып, иштин баары ошону менен жабылышы мүмкүн.