Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:35

ЧУЙКОВ МУЗЕЙИ ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЭМГЕКТЕРИН ЭЛГЕ КӨРГӨЗҮҮДӨ


Көргөзмөдө Бишкек шаардык сүрөт мектебинин окуучулары түрдүү темада тарткан сүрөттөрүн коюшкан. Анда Кыргызстанды, табиятты, айыл менен шаар жана жомоктордун каармандарын чагылдырган эмгектер.

Мисалы 8-класстын окуучусу Чолпон Акматова Пушкиндин “Балык жана балыкчы” жомогунан кемпир чалдын сүрөтүн тарткан.

- Мен сүрөт тартууга кичинемден эле кызыгам. Ал эми сүрөт мектебине киргенден тарта жоопкерчиликтүү мамиле жасап, улантып келе жатам. Бош убактымды көбүнчө сүрөт тартуу менен өткөрөм. Менин эмгектеримдин басымдуу бөлүгү жомокторго арналган. Мына бул сиздер көрүп турган “Балык жана балыкчы” , “Кар ханышасы” тууралуу сүрөттөрүм менен “Бакыт кушу” деген көргөзмөгө катышып, байгеге ээ болгом.

Көргөзмөдө ошондой эле жаш сүрөтчүлөр “Бакыт эмне?” деген темада тарткан сүрөттөрүн коюшкан. Аталган темага балдар түрдүү көз карашта ой жүгүртүшкөн. Мисалы айрымдары ата-энеси менен гүлбакта сейилдеп жүргөндөрүн, кээ бирлери достору менен ойноп жаткан учурларын, Көлдө эс алып жүргөндөрүн тартышкан. Ал эми жети жаштагы эгиз балдар Кирил менен Роман маскарапоздорду тартышкан.

Кириль: - Мен маскарапоздорду тартканды жакшы көрөм, анткени алар балдарды күлдүрүшөт да, а мен балдардын күлкүсүн бакыт деп түшүнөм. Мындан сырткары үй жаныбарларынын сүрөтүн тарканды жактырам. Келечекте сүрөтчү болуп, көп нерселерди тарткым келет.

Кирилдин апасы Оксана айымдын айтымында балдары эки жаштан калем кармап, сүрөт тарта башташкан. Ал эми сүрөт мектебине ушул жылдын февраль айында келишкен.

- Балдарды бул мектепке алып келгенибиздин себеби, калем , боек деген эмне экени тууралуу түшүнүк алып, билимин ар тараптуу өркүндөтсүн дедик. Мындай көргөзмөлөр да алардын чыгармачылыгына чоң таасирин тийгизет, себеби биринчиден ишенимдүүлүктү пайда кылса, экинчиден сүрөт өнөрүнө болгон кызыгуусун арттырат.


Бишкек шаардык мемориалдык музейлердин жетекчиси Арман Момаханованын айтымында Бишкек шаардык сүрөт мектебинин окуучулары үчүн мындай көргөзмө жылына уюштурулат, ошондой эле алар мындан сырткары дагы бир катар көргөзмөлөрдө сүрөттөрүн көрүүчүлөрдүн сынына коюшат. Жаш жеткинчектердин сүрөт көргөзмөсү эки жумага созулат.
XS
SM
MD
LG