Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

САРДЕГИ АКҮЙГӨ, МАРДЕГИ ЭЛГЕБИ?


Акаев жана анын үйбүлөсү мыйзамсыз басып алды, тартып алды деген мүлк тегерегинде кыргыз тилдүү массалык маалымат каражаттарында кайрадан маселе көтөрүлө баштады…

«Агым» гезити 2005-жылдын 24-мартынан кийин Акүйгө келген бийлик мыкчыгерлери экс-президент Акаевдин үйбүлөсү, урук-тууганы, кайын журту кайсап, уурдап-талап, басып алган мамлекет мүлкүн бүт бойдон өз ээлерине, калганын элге кайтарып беребиз деп кабат-кабат убада бергенин, алтургай комиссия башында турган агездеги 1-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов баарын аныктап салдык, эми кептин баары генпрокуротурада калды деп күпүлдөгөнүн… анан ошо кезде генпрокурор болуп турган Азимбек Бекназаров бир топ алгылыктуу иш жасап, Кант шифер-цемент комбинатынын 13 пайыз мамлекеттик акциясы, Шампанвинкомбинаты тендерсиз сатылбасын деп чечим чыгарганын… Бирок сатылып кеткенин, «Түндүкэлектро», «Кыргызгаз», «Бител», « Бишкек» мейманканасы боюнча кылмыш иштери козголгонун… тилекке каршы бири да сотко ашпаганын… анын тескерисинче Акаев тартып алган мүлктү элге кайтармакчы болгон күрөштө Бекназаровдун өзүнүн «башы алынып», кызматтан айдалганын… кийин Майлуу Суудагы электрлампа заводу итбекер сатылып кеткенин… Көрсө анын кожейкеси экс-генпрокурор Камбаралы Коңгантиевдин кызы экенин, ушундан улам Акаевдерге байланыштуу ачылбай калган арам иштерде Коңгантиевдердин үлүшү бар окшобойбу деген күдүк ойлор жаралбай койбостугун, анткени К.Коңгантиев мырза депутаттыкка А.Акаевдин «Алга Кыргызстан» партиясы аркылуу шайланып келгенин белгилеп, коррупциянын бир үлгүсү катары «Нарын» ресторанынын кантип жем болгондугу тууралуу кенен баяндайт.

Эгер Аскар Акаев мамлекеттин менчигин өзүнө ыйгарып албаса, эч кандай күнөөсү жок болсо, бардык күнөөнү экс-президент менен анын үйбүлөсүнө койгон менен эч кандай кылмыш иши ачылбаса, эч кимиси жазаланбаса, анда Бакиев бийлиги Акаевдардан кечирим сурашы керек деп жазган «Кыргыз руху» гезити, Бакиев бийлиги бүтүндөй ак көз, кара көздүн алдында убада берип алып, Акаевдардын уурдап-талаган мүлкүнө чекит кое электигин, мунун өзү бийликке абийир алып келбестигин…эми Акүй кайрадан каратаман калктын жыртык чөнтөгүн карап үмүт эте баштаганын, эмне үчүн Акаевдин үйбүлөсү жегенди эл төлөшү керектигин, сырткы карыздан кутулуу үчүн калктан акча чогултуу чакырыгы ошол элди сыйлабагандык гана эмес, адам катары санабагандыкка жатарын, акыркы он-он беш жылдан бери Кыргызстанды талап-жеп, арам дүйнө топтогон көпөстөрдүн биринин да кылы кыйшайбай, анын тескерисинче ач-жылаңач турмуштун айынан картөшкө, нан уурдап кармалагандар түрмөлөрдө олтурганын жар салды гезит,» «Садага сурагандан же өкмөт тажабады, садага бергенден же эл тажабады» деген макаласында.

2006-жылдын 27-декабрында Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармасынын «Билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу жөнүндө» буйругу чыккан. Буйрукка ылайык мектептердин ремонту менен окуу китептерин арендага алгандыгы үчүн ата-энелерден акча чогултмай таптакыр жоюлмак. Мунусун жаңы бийликтин ата-энелер менен мектеп окуучуларына жасаган аталык камкордугу катары түшүндүргөндөр кайта-кайта телерадиодон сайрап турушкан. Ушундай буйрук чыгаруу менен мектепти кармап турчу каражаттын баарын мындан ары мамлекет өз мойнуна аларын жар салгандай болгон. А чын-чынына келгенде ошол эле мамлекет капиталдык ремонтту мындай кой, косметикалык ремонт жасоого кудурети жетпей келет. Эми минтип Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити алдында ошол эле билим берүү жетекчилигинен кандай болгон күндө да мектептерди тартипке келтирип чыгуу тууралуу буйрук келип түштү. Мындайда акча бергенге эмес, жалаң гана буйрук бергенге маш мамлекет кагаз жөнөтүп жибергенине корстон болуп олтурат. Мектептин ремонту болсо кайрадан эле баягы ата-энелердин эсебинен жасалат, деп жазат «Буйрук беришти. Ал кантип аткарыларын ойлонуштубу?» деген макаласында «МСН» гезити.
XS
SM
MD
LG