М.Султанов депутаттардын мыйзам чыгаруучу, көзөмөлдөөчү жана эл өкүлү катары үч милдети бар экенин жана аларды депутаттар так аткарып жатканын белгиледи. Анын айтымында, парламент Камбарата ГЭСтерине байланышкан мыйзам долбооруна олуттуу маани берип жатат жана ага дүйшөмбүдө кайра кайрылат. Президент Бакиев парламентти энергетикалык багыттагы мыйзамдарды кабыл алып бербей, кечиктирип жатканын айтып, депутаттарды мыйзам чыгаруучу катары негизги милдетин аткарууга чакырган. (BuS)