Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

16:25 КТРдин байкоочулар кеңешин тандоодо мыйзам бузууларга жол берилүүдө


Маалымат каражаттары боюнча коомдук палата бүгүн ушундай билдирүү таратты.
Анда белгиленгенге караганда, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети жарандык коом сунуш кылган 30 талапкерге толук маалымдабай, натыйжада, алардын айрымдары тандоо жараянына катыша алышкан жок. Ошондой эле алты талапкердин арызы негизсиз четке кагылды. «Улуттук телерадиокорпорация жөнүндөгү» мыйзам бузулуп жатат деп эсептеген коомдук палата байкоочулар кеңешинин толук тизмесин жарыялоону жана талапкерлердин тизмесин Жогорку Кеңеште ачык талкуулоону сурап Жогорку Кеңешке кайрылды. Жогорку Кенештин тиешелүү комитеттери КТРдин байкоочулар кенешине талапкерлерди тандоонун жыйынтыгын жарыялаша элек.(BuS)

XS
SM
MD
LG