Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

КОШ ЖАРАНДУУЛУКТУН КЫРГЫЗСТАНГА ПАЙДАСЫ КАНЧА?


Май айынын аягында президент Курманбек Бакиев кош жарандуулук тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык кош жарандуулукту кабыл алган кыргызстандык атуул президент, депутат болуп шайлана албайт жана мамлекеттик жогорку кызматтарга иштөө укугуна ээ эмес.

Кош жарандуулук боюнча мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттары Азимбек Бекназаров менен Кубанычбек Исабеков тарабынан жазылып, үстүбүздөгү жылдын 27-мартында парламентте кабыл алынган. Депутат Азимбек Бекназаровдун айтуусунда Кыргызстандын кош жарандуулук тууралуу мыйзамы өлкө менен чектеш мамлекеттердин атуулдары үчүн иштебейт:

- Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн жарандары бизде кош жарандуулук ала алышпайт, аларга бир эле убакта өз өлкөсүнүн дагы, биздин дагы жараны болууга болбойт. Ал эми Кыргызстандын гана жарандыгын алабыз дешсе, анда сөз башка. Бул төрт өлкөлөрдөн башка мамлекеттердин жарандары бизге келип кош жарандуулук алса болот.

Азимбек Бекназаровдун айтуусунда Кыргызстандын жарандары Орусиянын жана Европанын айрым өлкөлөрүнүн жарандыгын ала алышат.

Мыйзам кош жарандуулукту алган кыргызстандыктарга президент, депутат болуп шайланууга жана мамлекеттик жогорку кызматтарга иштөөсүнө жол бербейт. Кыргызстандын Акыйкатысы Турсунбай Бакир уулу мыйзамда көрсөтүлгөн бул чектөөлөр туура деп эсептейт:

- Айрым мамлекеттер өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп, өз атуулун биздин мамлекетке президент кылууга аракет кылуулары мүмкүн. Ошондуктан, мен депутаттардын пикирин колдойм. Себеби алар биринчи Кыргызстандын жарандыгын, чыныгы атуулдугун далилдеши керек,

Расмий маалыматтар боюнча учурда 500 миңден ашуун кыргызстандык жарандар дүйнөнүн аркайсы мамлекеттеринде окуп-иштеп жүрүшөт. Ошол эле учурда чет өлкөлүк атуулдар менен баш кошуп, турмуш куруп кеткен жарандар да арбын. Кош жарандуулук тууралуу мыйзам атуулдарга ата жагынан гана эмес, эне жагынан да Кыргызстандын жарандыгын алууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда мыйзам боюнча кыргыздар дүйнөнүн кайсы бурчунда жашабасын жана кайсы чет өлкөнүн атуулу болуп саналбасын бир жылдан кийин Кыргызстандын жараны болуп таанылат. Депутат Азимбек Бекназаровдун айтуусунда Кыргызстан кош атуулдукту берүүдө этникалык кыргыздарга атайын жеңилдиктер берилген:

- Этникалык кыргыздарга коюлган шарттар жок. Алар каалаган учурда Кыргызстанга келип, атасы же энеси тарабынан кыргыз экендигин далилдеген документ алып келип, кыргыз жарандыгын ала алышат.

Кош жарандуулук маселеси жаңы бийлик орногондон бери көтөрүлүп келе жатат. Мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин президенттик шайлоого аттанар алдындагы программасында да бул маселе камтылган эле. Бул мыйзамдын кабыл алынышы өзгөчө Орусияда иштеп жүргөн Кыргызстандык мигранттар тарабынан жылуу кабыл алынууда. Он беш жылдан бери Орусияда жашап, беш жыл мурун бул өлкөнүн жарандыгын алган Кыргызстандык Гүлмира Кучумова Орусиядагы кыргыз мигранттарынын мүдөөсү эми ишке ашты деп эсептейт:

- Бул мыйзамдын кабыл алынганы жакшы болду. Мен Орусиянын жарандыгын алгандан кийин Кыргызстанга барып, ооруп калгам. Ошондо мага Орусиянын жараны катары мамиле болуп, ооруканада дарыланганыма, операцияга жана дары-дармектерге кымбат акча төлөгөнмүн. Эми биздин бул жакта төрөлүп, Орусиянын жараны болуп калган балдарыбызга да Кыргызстандын атуулу болуу жолу ачылып турганы биз үчүн кубанычтуу.

Байкоочулардын айтуусунда бул мыйзамдын ишке кирүүсү менен Кыргызстандын атуулдары бир нече эселеп көбөйүүсү мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG