Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:33

18:00 Нарын облусунун губернатору Кытайга иш сапар менен барып келди


НАРЫН. Нарын облусунун губернатору Жыргалбек Азылов Кытай Эл Республикасынын Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусунда үч күндүк иш сапары менен болуп кайтты. Жыргалбек Азыловдун 5-июнда «Азаттыкка» билдиргени боюнча кыргыз тарап Кызылсуунун расмий жетекчилери менен жолугушуп, өткөн жылдын декабрында жер титирөөдөн жабыркаган Кочкор жана Нарын райондорунун жашоочулары үчүн арзандатылган курулуш материалдары менен камсыз кылуу жөнүндө сүйлөшүүлөр болду. Аталган райондордун зилзаладан жабыркаган 7 миң 701 үйбүлөсүнө өлкөбүздө курулуш материалдардын кымбаттап кетиши оорчулук туудурууда. Иш сапарда Нарын облусунун башчысы Кызылсуудагы эки цемент заводу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурда цементти Нарынга алып келүү жолдору жана финансалык каражаты эсептелүүдө. (JI)

XS
SM
MD
LG