Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Жорж Буш чех жетекчилиги менен ракеталардан коргонуу системасын орнотуу маселесин талкуулоодо


ПРАГА. АКШнын президенти Жорж Буш бүгүн Прагада Чехиянын жетекчилиги менен ракеталардан коргонуу системасын орнотуу маселесин талкуулап жатат. АКШнын планы боюнча кошуна Польшада ракеталарды атып түшүрүүчү жабдуулар, ал эми Чехиянын аймагында аларды кармоочу радарлар орнотулмакчы. Россиянын президенти Владимир Путин эгерде бул план ишке ашырыла турган болсо Россия өзүнүн аймагында Европаны мелжий турган ракеталарды орнотот, деди. Прагага жасап жаткан бир күндүк визитинин учурунда Буш демократия жана коопсуздук маселелерине арналган эл аралык конференцияда сөз сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG