Жолугушуу Германияда ачыла турган алдыңкы 8 өлкөнүн саммитин утурлай болмокчу. Кечээ Прагадагы конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Буш Орусия демократиялык реформалар багытынан артка кетти деп сынга алып, Чехия менен Польшада орнотула турган АКШнын ракеталарга каршы системасынан Москванын кооптонуусуна негиз жок деп белгилей кетти. АКШ менен Орусиянын президенттери Чоң Сегиздин саммити маалында эки тараптуу сүйлөшүү өткөрөөрү күтүлүүдө.