Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

“КЫРГЫЗ ЖЕРИМ КЫМБАТЫМ” КӨРГӨЗМӨСҮ


Бишкекте чебер Бурул Мамбетованын “Кыргыз жерим кымбатым” аттуу жеке көргөзмөсү ачылды. Анда негизинен кийизден жасалган буюмдар көрүүчүлөрдүн сынына коюлууда.

Бурул Мамбетова кичинесинен тартып эле чеберчилик менен алектенет. 2000-жылдан тартып Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалыктын “Тоо програмасынын” негизинде чет өлкөлүк адистерден билим алган. Анда дары чөптөрдөн боекторду алууну, кийиз чокойлорду жасоону, дегеле жүндү иштетүүнүн ыкмаларын үйрөнгөн. Мына ошодон тарта Бурул айым өзүнүн “Сыйкырдуу кийиз” аттуу жеке чеберканасын ачып, ар кандай буюмдарды жасай баштаган. Чебердин бир өзгөчөлүгү ал ар бир жасаган эмгегинде сөзсүз жүндү колдонот. Анын коллекциясында улуттук кийимдер, жерге төшөлчү шалчалар, чокойлор, белек бечкек буюмдары жана башкалар бар. Бул иштер учурда улуттук тарых музейинде өтүп жаткан көргөзмөдө коюлган. Анда көпчүлүк көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурдурган нерсе кооз табиятты чагылдырган сүрөттөр болду. Себеби бул сүрөттөр да ар түстөгү жүндөн жасалган.
Мындай сүрөттөрдүн жасалуу ыкмасын сурап чеберге кайрылганыбызда ал, бул эмгектерге атайын өзүнчө жүндү боеп убара болбойм, башка буюмдардан арткан калдыктардан эле жасайм деди.

Чебердин коллекциясында эң негизги көрүнүктүү иштеринин бири бул улуттук кийимдер. Анда да сөзсүз жүн колдонулат жана европалык стилде улуттук белгилер менен айкаштырыла жасалат. Соңку убактарда мындай кийимдерди ырчылар да сахнага кийип чыга башташты. Мисалы опера ырчысы Үмүт Тилегенованын сахна кийимдеринин бирөөсү Бурул Мамбетованын колунан жаралган.


Бурул Мамбетованын айтымында акыркы мезгилде улуттук кийимдерге жана буюмдарга суроо-талаптар көп түшө баштаган. Анын ичинде чет өлкөлкөлүктөр да бар. Чебер башка улуттагы элдерге буюмдарын сатып эле тим болбостон, аларга устаттык сабактарды да өткөрүп, чеберчиликтин сырларын үйрөтөт. Эми алдыда Ысык-Көлдө жеке көргөзмөсүн уюштурууну жана Оймо-2007 эл аралык фестивалына катышууну ниет кылууда.
XS
SM
MD
LG