- Иштеп аткан компаниялар кээ бир адамдардын жеке кызыкчылыгына колдонулгандыктан мына ушинтип элдер да аралашып атат. Муну токтотуунун бир гана жолу бар. Алтын кендердин иштөөсү мыйзам чегинде болушу керек. Ошол компаниянын кожоюндары өздөрү түрткү болушуп, биздин бийлик башындагы адамдарды мыйзам бузууга өздөрү жардам берип, азыр өздөрү азабын чегип атышат. Премьер-министр да барып алып туруп, кенди бир айга токтоттум дейт. Анын андай укугу жок.
“Асаба” партиясынын тең төрагасы Роза Отунбаева да Жерүй баш болгон алтын кендери боюнча өкмөт калыстыктан тайып кетип жатканын айтууда. Бирок, өкмөт Алмаз Атамбаевдин калыс чечим чыгарып, жүзүн сактап калганга мүмкүнчүлүгү дале бар дейт Р.Отунбаева.
Ошентсе да өкмөт башчы А.Атамбаев, Таластагы алтын кендериндеги маселелер чечилип калгандыгын, Жерүй кени токтоосуз иштеши керектигин, эгер ага тоскоол болгондор болсо чара колдонулушу мүмкүн экендигин ырастоодо. Өкмөт башчынын айтымында, Андаш алтын кенинде мүчүлүштөр бар, ошол себептүү ал азырынча токтотулду. Ошондой эле ал айрым Таластыктар жол салып аткандарды да иштетпей, аларды сабап коюшканын айтып, мындай башаламандыктарды токтотуу керектигин баса белгиледи.
Тоо-кен өндүрүшчүлөр жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеевдин айтымында, азыркы тапта Жерүй кени каршылаш эки компаниянын айынан ишке кирбей келет. Анын ырасташынча, буга кыргыз бийлигиндеги коррупция, туруксуздук себеп болду. Буга чейин Жерүйдө жети жолу ээлери алмашса да, эмнегедир кен иштебей турат. “Азыркы абалды карап көрүп, кенди “Оксус” компаниясына берген максатка ылайык келет” дейт Орозбек Дүйшеев.
- Жаңы заводду куруш үчүн кеминде бир жарым жыл керек. Эгер «Оксус» кура турган болсо, аны алар алты айда эле бүткөрүшөт. Анткени алар 80 % ишти бүткөрүп коюшкан. Бирок, эки компаниянын карама-каршылыгынан улам ушундай болуп атат.
Байкоочулардын баамында Таластагы алтын кендери үчүн болгон күрөш учурда күчүндө турат. Кенди талашкандар жергиликтүү элдерди өз тарабына имерүү үчүн атайын иш-чараларды уюштуруп, тарапкерлерине тымызын акча-тыйын таратып жатышат дешет. Ошондой эле мындай жол менен жогорку бийликти да колго алуу аракеттери байкалып жатканын айтышат.