Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

УЮШКАН КЫЛМЫШКЕРЛЕРГЕ УСТУН БОЛГОН КИМДЕР?


УКТ ( Уюшкан кылмыштуу топ). Мына ушундай топтордун күчөшүнө, жалданма киши өлтүрүүлөрдүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдында Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Башкы башкармалык түзүлгөн.

«Дело №» гезити аркылуу мына ушул башкармалыктын начендиги Мелис Турганбаев, буга дейре башкармалыктын каттоосунда 12 УТК турганын, мунун үчөө жок кылынганын, кокустан ушундай топтун лидери жок кылына турган болсо анын артында калган мүчөлөрү же тарап кетерин, же башка топторго барып кошуларын, ушу кезде Баткендеги Сыргабаевдин, Оштогу Сатвалдиевдин кылмыштуу тобу жашоосун токтотконун, бирок Рысбек Акматбаевдин тобу толугу менен жок кылына электигин, Рысбектин балдары бүгүн Максат Карасартовдун тобуна барып кошулганын, Максат азыр алыскы чет өлкөлөрдүн биринде жүргөнүн айтат. «Мына ушундай кылмыштуу топторго ишкерлер «салык» төлөп турат деген сөз чынбы?» деген суроого Турганбаев, бул чын экенин, азыркы кезде республикада «көлбаевдин, «бопушевдин» жана Бишкек, Чүй, Ысык-Көл тарапта кылмыштуу майда топтор ишкерлерден алым алып турарын айтып жооп берет. «Айрым депутаттар кылмыш дүйнөсүнүн адамдары камакка алынганда «ходотайство» бергенди жакшы көрүшчү эле, бул жагы кандай болууда?» деген суроого, мындай аракеттер ошол депутаттардын аттары массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жарыя кылынары менен токтогонун, «ал эми парламенте УКТыга каршы күрөшүүчү Башкармалыкты жоюп салуу керек деген сөздөр жүрүп жатканы чынбы?» деген суроого Мелис мырза, ошондой сөз бар экенин, демек айрым депутаттарга кылмыш дүйнөсү менен күрөшүү жакпастыгын, анткени ал жетектеген башкармалык айрым чоң кызматтагы атка минерлердин куйругун басканын… кенен кеп кылат.

«Белый пароход» гезити «Бириккен фронттун» жолбашчысы Феликс Куловго бир катар суроолорду берип жооп алган. Кулов өз сөзүндө, фронту элдин басымдуу бөлүгү колдоорун, социологдордун иликтөөлөрү боюнча калктын 80 пайызга жакыны Орусия менен Кыргызстандын союзун жактарын, ушундай союзга биригүү гана өлкөнү бөлүп-жаруудан сактап каларын, 19-апрелден кийин Бакиев кыргыз элин көз көрүнөө эле экиге бөлүп таштаганын, митингке чыккан элди түштүктөн алынып келген милийсалар жана ошол эле аймактан алынып келген эл бузарлар аркылуу кууп-таркатуу менен Бакиев бүтүндөй кыргыз элине эмес, элдин бир ууч бөлүгү болгон өз жек-жааттарына гана таянып иш кыларын көрсөткөнүн, ал эми мамлекеттик жетекчи деген бардык элге бирдей болорун… Эми мындан ары өлкө менен эл экиге бөлүнүп калбас үчүн дал ушундай конфедерация түзүү зарылдыгын айтып жооп берет. Кулов ошондой эле сентябрда фронттун үчүнчү жыйыны өтөрүн, элден 300 миң кол чогулуп бүткөн соң үч маселени-Орусия менен союз түзүүнү, мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана парламентти таратып, кайра шайлоо өткөрүү маселесин көтөрүп чыгарын кошумчалайт.

«Энесай» гезити болсо Ф.Куловдун Кыргызстан менен Орусия союзун түзүү далалатын журт бузуку-куйту идея деп баалап, бул элди экиге бөлүүчүлүк жана абалды атайылап курчутуу деп жазды. Ушул эле гезит «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин макаласын жарыялады. Белгилүү укукчу Америка авиабазасын Кыргызстандан чыгаруу чакырыгы туура эмес экендигин, эгер Ганси чыгарыла турган болсо анда Орусиянын Канттагы базасы да чыгарылышы керектигин, анткени Кыргызстан Пекин менен Маскөөнүн тузагына түшүп берүүдөн алыс болушун айтат. Ал эми Камбар Ата-1, Камбар Ата-2 ГЭСтери сөзсүз бардык долбоорлордо Кыргызстан ээлик кыла тургандай шартта тузулүшүн белгилеп, эгер бул тер курула турган болсо Баткендеги 53 миң гектар жерди сугара турган суу сактагыч да пайда болорун, ошондо Кызыл Кыя деп убара тартпастан цемент зоотун Таш Көмүрдүн өзүндө курса болорун баяндаган.
XS
SM
MD
LG