Анда “Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбооруна корутунду берүү маселесин кароонун күнүн аныктоо маселеси каралат. Бул тууралуу Конституциялык соттун судьясы Асылбек Кененсариев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Маалым болгондой, премьер-министр Алмаз Атамбаев башында турган жумушчу топ 11-апрелде иштеп чыккан долбоорду президент парламентке жолдоп, парламент өз кезегинде корутунду алуу үчүн Конституциялык сотко кайрылган. (AiT)
14:42 Президент жана Жогорку Кеңештин ишенимдүү өкүлдөрү менен Конституциялык соттун судьялары бейшемби күнү жолугушат