ЖАЛАЛАБАТ. Кечээ түштөн кийин жааган катуу нөшөр Алабука районуна бир топ материалдык чыгымдарды алып келди. Райондун Актам айыл өкмөтүндөгү Чаңачсай дарыясынын суусу жээктен ашып, сел Аксы жана Алабука районун байланыштырган жана чарбалык ички эки көпүрөнү агызып кеткен. Жапасалды айылында селден бир турак-жай менен 2 чакырым суу түтүгү жана 2 чакырым электр линиясы жабыр тартып, жүз метр дамба жуулуп кеткен. Эл орунга отуруп, көз байланган маалда Жалалабат шаарында да нөшөрлөгөн жамгыр жаап, курорттон агып түшкөн селден улам 11 үйдүн айланасы менен бир нече бак чарба ылай сууларга чайылды. Тазаланбаган арык- чөнөктөрдөн ашкан сел шаардын ички жолдорун толтурду. (YA)