ЖАЛАЛАБАТ. 6-июнда заводдун жыйноо цехинин жумушчулары иш таштоону жумуш орундарында улантышты. Алар мурдагыдай эле февраль айлык акысын төлөп берүү, өкмөт башчы Алмаз Атамбаевдин заводго келип, ишкананын жана жумушчулардын абалы менен таанышуусун талап кылышууда. Иш таштоо жана жумушчулардын нааразылык акциялары бул ирет 4-июнда башталган. Мындай маалымат бүгүн “Ата Мекен” партиясынын Майлуусуу шаарындагы өкүлү Каландар Саитовдон алынды. Анын айтымында 5-июнда түштөн кийин заводдун экинчи нөөмөтүндө эмгектенген жумушчулары иш таштаган. Кечинде заводдун жетекчилиги жумушчулар менен жыйын өткөрүп, эмгек акылары эмки аптадан тарта бериле баштай тургандыгын билдирген. Электр лампаларын иштеп чыгарчу ишкананын мамлекеттик акцияларын орусиялык “В.А.В.С.” аттуу фирма сатып алган. Фирма жумушчулардын белгилешинче келишимдеги убадаларын аткарбай келатат. (YA)
18:35 Майлуу суу шаарында электр лампа заводунун жумушчуларынын иш таштоосу улантылып жатат