БАТКЕН. Жетинчи облус тууралуу жана Баткен мамлекеттик областтык администрациясынын аткарып жаткан ишин чагылдырган бул интернет портал, өкмөттүк доменде ачылып, аны каржылык жактан Еврокомиссия колдоого алды. batken.gov интернет порталы бир катар баракчалардан туруп, облус тууралуу кеңири маалымат базаларды өзүнө камтыйт. Бул туралуу 6-июнда «регионалдык веб порталды түзүү жана коммуникация стратегияларын иштеп чыгуу» долбоорунун жетекчиси Анита Кехре «Азаттыкка» маалымдады. Бирок, Анита айым бул долбоорго жумшалган каражаттын суммасын айтуудан баштартты. Ошол эле учурда Баткен коомчулугунун арасында жогорудагы долбоорго деп Еврокомиссия 300 миң евро акча бөлүнгөнүн жана түшкөн каражат туура эмес жумшалгандыгын айтышууда. (SA)