НАРЫН. Чыгыш аймактык мамлекеттик ветеринардык башкармалыктын башчысынын орунбасары Замир Белековдун маалыматы боюнча, учурда облустагы 700 миңге чукул кой-эчкилердин арасында пастерлез оорусу байкалып, аны Нарын облустук ветеринардык борбордун экспертизасынын буйругу менен аныкталган. Натыйжада аталган оорудан бир эле Атбашы районунда расмий маалыматтар боюнча 532 кой-эчки өлгөн жана бул районго башка жактарга мал алып чыгууга, же киргизүүгө чектөөлөр коюлган. Ал эми аталган кесел менен Нарын районунун малдары да ооруп жатканын карапайым калк айтышууда. (JI)