Канттагы цемент-шифер комбинаты жыл сайын миллион тоннага жакын цемент чыгарат. Анын тең жарымы экспортко, ошончо эле өлчөмдөгүсү Кыргызстандын өзүндө калат. Бирок да кыргызстандыктарга сатылчу цементтин тең жарымы аркыл жолдор менен коңшу өлкө Казакстанга ташылып кетерин өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев ырастап отурат.
- Өзүбүзгө делинген цементтин жарымы деле аткезчилик жол менен чет өлкөгө ташылып кетет. Мындайда Эларалык соода уюму алгач өзүңөргө тартип орноткула дейт. Анан да Казакстан жооп кыларын эсиңерден чыгарбагыла. Биз туюктабыз, жадесе темир жол аркылуу Орусияга өтө албайбыз. Казакстан биз кандай кылсак ошондой жооп бериши мүмкүн.
Цемент көйгөйү жыл сайын жайкысын өкмөт жыйынында айтылат. Өткөн жылы Канттагы цемент-шифер комбинатынын өкүлчүлүктөрүн облус борборлорунда, Бишкекте ачуу тууралуу өкмөттүн токтому кабыл алынган. Комбинат цемент сактоочу жайлардын ижара акысы өтөле кымбат экенин шылтоо кылып, демилге ишке ашпай калган.
Быйыл да ошол эле демилге экинчи ирет козголууда. Комбинат он күн ичинде айтылган убадасын ишке ашыра албай калса, өкмөт анын сыртка чыгарчу продукциясына бажы төлөмдөрүн киргизмекчи. Аны Кыргызстандын Каржы министри Акылбек Жапаров мындайча чечмеледи.
- Эгер бир айдын ичинде булар тартипке келтирбесе, анда өкмөттүн мүчөсү катары мага тапшырма беришсе, мен аны жасоонун жол-жоболорун, механизмин иштеп чыгып, өкмөткө сунуш кылат элем.
Кыргызстанда ушу тапта үч цемент заводу иштейт. «Күрмөнтүцемент» менен ошол эле Канттагы «Технолин» курулуш материалдары заводунун жылдан-жылга кескин өсүп бараткан суроо-талаптарды аткарууга чама-чаркы жетишпейт.
Мына ушул кенемтени толтуруш амалында өткөн жылы Кызылкыяда Түштүк Кыргызстан цемент заводунун курулушу башталган. Өкмөттүн түшүнүксүз жүрүштөрү болбогондо быйыл күзгө таяп жаңы завод ишке киришип калмак. Өнөр жай, энергетика жана отун-суу ресурстары министри Игорь Чудиновдун айтуусунда, ушу тапта токтоп калган завод курулушу азыноолок жанданып, ага 110 киловольттук электр линиясы тартылууда.
- Быйыл курулушту аягына чыгарышка үлгүрүшпөйт. Кубантканы эле быйыл иштин улантылып жатканы,- дейт И.Чудинов.
Каржы министри Акылбек Жапаров Кызылкыядагы цемент заводунун курулушунун кечеңдеп жатышынын бир себеби курулуштун каржы булагынын такталбай жатышына байланыштуу түшүндүрдү.
Иши кылып, жаңы заводдун качан курулуп ишке киришери азырынча белгисиз. Ага чейин ички базарга жалгыз ээлик кылган Канттагы цемент-шифер комбинатынын кабак-кашына карап иш кылган оң.
Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов чет элдик ишкерлерге итбекер арзанга сатылып кеткен ири заводдордон азырынча Кыргызстан бюджетине чоң киреше түшө элек деген пикирде. Алар сырттан кымбатбаа сырьелорду сатып алып, ташып келгени үчүн кошумча нарк салыгын кайтарып алышат.
- Кошумча нарк салыгы үчүн төлөнгөн акчаны кайтарып алуу бизде гана иштейт. Аны мурдагы өкмөт киргизген. Жыл сайын жаңылап турушат. Өкмөт ал токтомду жоюш керек. Алгандан башканы билбеген компаниялар, мисалы, Кант цемент-шифер, Майлысуу электр лампалары, Tокмок айнек заводу сындуу 10 завод Кыргызстан бюджетинен жыл сайын 2 миллиард сом алып турушат.
Ошентип өкмөт өзгөчө муктаж болгондорго цементти арзан баада сатууну уюштуруу аракетине өттү. Бул демилге деле өткөн жылдагыдай кагаз жүзүндө калабы же ишке ашабы – аны өкмөт бир айдан кийинки отурумунда талкууга алмай болду.