Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

КАЗАКСТАНДА АЛЕКСАНДР ПУШКИНДИН ЫРЛАРЫН БОРБОРДУК АЯНТТА ОКУГАН АКЫНДАР КАМАККА АЛЫНДЫ




Ырасмий каттоодон өтпөгөн “Алга” партиясынын лидери Асылбек Кожахметов, А.Пушкиндин туулган күнүнө карата акындын ырларын аянтта окуп аткан учурда анын катарына башкалар кошулган. Аянтта казак акындары Айсулуу Кадырбаева жана Амантай Ахметов өзүнүн чыгармаларынан, “Алга” партиясынын мүчөсү Нагашыбай Эсмурзаев казак поэмасынан үзүндүлөрдү окуп турушкан. Жарым саат өтпөй аларга Алматы районунун прокурорунун орун басары келип, чогулгандарды тарап кетүүгө буйруду. Акындар ыр окууга тыюу салынбаганын айтып, аянттан кетүүдөн баш тарткан соң, тартип коргоо кызматкерлери Нагашыбай Эсмурзаев, Амантай Ахметов жана Асылбек Кожахметовду камакка алышты. Ушуну менен бул акыркы үч жумадан бери алтынчы жолу болуп жаткан көрүнүш. Буга чейин Казакстандын Баш мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө каршы чыккандар камакка алынган эле. Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Нурсултан Назарбаев чектелбеген мөөнөткө президенттике талапкерлигин коё алат. (ZMa, IJz)









XS
SM
MD
LG