Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:39

Тажикстанда мурдагы согушкерлерге кечирим берүү маселеси көтөрүлүүдө


Учурда өлкө президентинин администрациясы мурдагы бириккен оппозициянын согушкерлерине кечирим берүүнү суранган кат боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн маалымдалды. 1999-жылы тажик өкмөтү жарандык согуш учурунда абакка түшкөн алты миңдей адамга кечирим берген. Бирок мурдагы оппозицияч лидерлеринин ырастоосунда, азыр да түрмөлөрдө түрдүү айып менен жаткан мурдагы согушкерлер жүздөп саналат. Алар президенттен камактагыларды Улуттук жарашуу келишиминин он жылдыгын утурлай бошотууну суранууда. Жарандык согуштун аякташына алып келген келишим түзүлгөнүнө 27-июнда он жыл болот.

XS
SM
MD
LG