"Демократия жана коопсуздук" деп аталган конференциянын катышуучулары жыйын соңундагы кортунду документте дүйнөлүк коомчулукту авторитардык режимдер башкарган өлкөлөрдөгү демократиялык оппозицияны колдоого чакырды. Документте ошондой эле авторитардык режимдер адам укуктарын сактап, демократиялык реформа жүргүзүүсү үчүн аларга дипломатиялык, саясий, экономикалык кысым көргөзүү зарылдыгы белгиленип, дүйнө өлкөлөрүндөгү саясий туткундарды абактан бошотуу чакырыгы да айтылган.