Акыркы мезгилде АКШ жетекчилиги Иранды күнөөлөп, анын коопсуздук кызматтары кошуна Ирактагы согушкерлерге колдоо көрсөтүүдө, алардын колуна тийген курал Ирандан алып келинүүдө дейт, бирок андай тымызын сооданын артында Иран өкмөтү турганы жөнүндө далилдер азырынча жок. Өз кезегинде Тегеран дагы Вашингтонду күнөөлөп, өлкө аймагына көптөгөн америкалык тыңчы келип жатканы жана террор аракеттерин ишке ашыргандардын жанында америкалык курал табылып жатканы жөнүндө көп айтат.
Май айында болсо Иранда бир нече адам камакка алынды жана алар АКШ үчүн тыңчылык кылган деп күнөөлөндү. Алар - АКШдагы Вудро Вильсон институтунда иштеген профессор Хале Эсфандиари, америкалык социолог Кайен Тажбахш жана "Фарда" радиосунун кабарчысы Парназ Азима. "Фарда" радиосу мындан бир нече жыл мурда "Азаттыктын" Иран бөлүмүнүн негизинде түзүлөн. Кармалгандарга каршы күнөө расми түрдө 29-май күнү коюлду, журналист Азима болсо күрөгө бошотулду жана анын ишин азыр коопсуздук кызматтары текшерип жатат. Ал өзү АКШ жараны жана январда Иранга - ооруп жаткан энесин көрүүгө келген.
"Азаттыктын" кабарчысы Голназ Эсфандиари менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө, Азима - сот аны 550 миң доллар күрөгө бошоткону жөнүндө билдирди, бул акча Иран үчүн өтө чоң каражат, коюлган күнөө болсо - мамлекетке каршы пропаганда жүргүзүү.
Суракка алынганда, Азима - жөн гана өз журналисттик милдетин аткарганы жөнүндө айткан: I"Бийлик өкүлдөрү сурак жүргүзгөндө мен 'Би-би-си', 'Си-эн-эн' жана чет мамлекеттерде жайгашкан башка маалымат каражаттарын мисалга келтирдим. Ал мамлекеттер дагы аларды кээде пропаганда үчүн күнөөлөйт, анткени алар аркылуу оппозициянын үнү чыгат жана кээде АКШ саясатына каршы дагы маалыматтар болот. Бирок журнализм деген ошол - эркин маалымат таратуу", - дейт Азима.
Анын айтымында, Иранда болсо андай журналистика дээрлик жок: "Тилекке каршы, Ирандагы журнализм такыр башка, журналисттер такай бийликти макташ керек, антпегенде цензурага алынат же куугунтукталат. Бирок чын маалыматтын эркин таратылышын алсак, ал мамлекетке каршы багытталган пропаганда эмес, менин оюмча, түпкү тегинде ал ошол мамлекетке пайда алып келет", - деп билдирет Азима.
Анын пикиринде, эгер бийлик чындап эле мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөндө, андай маалыматтарды пайдаланууга тийиш болчу: "Иран дүйнөдөгү эң демократиялык мамлекет деп такай айткан бийлик чындыктан коркпош керек. Эгер алар эл арасындагы ойлор менен пикирлерге кызыкса, алар ошол пикирлерди чогултуп-иликтеп, аларды өлкө пайдасына пайдаланмак", - дейт Азима.
Парназ Азиманын паспортун бийлик алып алган жана тергөө бүтмөйүнчө ал эч жакка кете албайт.