Буга байланыштуу салтанаттуу жыйын каржы министрлигинде болуп, анда сөз сүйлөгөн каржы министри Акылбек Жапаров акыркы эки жылдын ичинде бюджеттин киреше бөлүгү эки эсеге өскөнүн белгиледи. Министрдин айтымында, 2004-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 17 миллиард сом болсо, быйылкы жылы 35 миллиард 900 миллион сомго жетүүдө. (AiT)